Орусия Кыргызстанга атомдук электрстанциясын курат

Орусия менен Кыргызстан КР аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын  курууну макулдашканын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Twitter социалдык тармагынан билдирди.

Тиешелүү кызматташуу меморандумуна Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен КРнын энергетика министри Доскул Бекмурзаев 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында кол коюшкан.

Документке ылайык, Кыргызстандын аймагында “РИТМ-200Н” реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу, ошондой эле Кыргызстанга ядердик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жумушчулардын квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү пландалууда.

“Декарбонизация жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү учурдун глобалдык тенденциясы болуп саналат, Кыргызстан андан четте калгысы келбейт. “Росатом” менен кызматташуу биздин өлкө үчүн энергетика, экономика жана өндүрүштү өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенебиз”, – деп билдирген КРнын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев.

“Кыргызстанда мындай атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүткүл Борбордук Азиянын илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет”, – деп билдирген “Росатомдун” башкы директору.

Комментарий жиберүү