Бишкекте мектептер карантинге жабыла баштады

Бишкекте 13 мектептин окуучуларынан жана мугалимдеринен коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18 жана №6чы мектептеринен коронавирус табылып, карантинге жабылды.
 Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун нускамасы менен аталган мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Ошондой эле, №135чи бала бакча да толугу менен, №144чү бала бакчанын бир тайпасы жабылган.

Белгилей кетсек, кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат. Жуктуруу учурларынын саны күндөн-күнгө өсүүдө. 18-январга карата 820 адамдан коронавирус аныкталды.

Комментарий жиберүү