Кыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 150 аскер жөнөтөт.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты.

Мындан тышкары 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

Ташиев Жаматтык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү: Армения – 100-300, Орусия – 1400, Беларусия – 400, Тажикстан – 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алганын да кошумчалап өттү.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.

Кийин президент Касым-Жомарт Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алган.

Комментарий жиберүү