Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд куб метрден азайды

10-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 859 млн. куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ушул тапта суу сактагычка секундасына 138 куб метр суу агып кирсе, андан 547 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

2021-жылдын 15-октябрынан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн мурдагыдай эле 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болгон. «Түндүк электр» ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Айрым аймактарда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылганы катуу талкууга алынган.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

Буга чейин президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.

Комментарий жиберүү