Президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты.

Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү.

Бейформал саммитке Кыргызстан Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Белорусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Иш сапарын жыйынтыктап, Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда  Бишкек шаарына келди.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - images.politics.2021.12.29.118911.jpg_w780_h500_resize_800x533.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - images.politics.2021.12.29.118919.jpg_w780_h500_resize_800x533.jpg

Комментарий жиберүү