Вице-мэр: Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидабалга жараша чечилет

Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.

Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргенин “Sputnik” агенттиги жазды.

Анын айтымына караганда, учурда коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатат.

“Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз.

Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз”, –  деген Мозгачева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталды. Дүйнө жүзүн кооптондурган жаңы “омикрон” штаммы биздин өлкөдө да катталды.

Учурда тиешелүү тармактар омикрон штаммынын белгилери тууралуу маалымат беришүүдө жана андан сактануу үчүн чектөө чараларын киргизүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Комментарий жиберүү