COVID-19: Акыркы суткага карата статистика

Акыркы суткада коронавирус дагы 586 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча атайын штаб билдирди.

14-январга карата маалымат:

Бишкек – 435

Ош шаары – 22

Чүй облусу  – 49

Ош облусу – 9

Талас облусу – 11

Нарын облусу – 1

Ысык-Көл облусу – 17

Жалал-Абад облусу – 37

Баткен облусу – 5

Жуктуруулардын жалпы учуру  188 206га жетти. Соңку суткада 111 адам айыгып ооруканалардан чыгышты жана илдеттен жалпы  180 740 киши айыкты.

Акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан  1 адам каза таап, жоготуулардын саны 2827ге жетти.

Стационарда 660 жана амбулатордук түрдө 2490 адам дарыланып жатат.
      
Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциянын төртүнчү толкуну жүрүп жатат. Дүйнө жүзүн кооптондурган “омикрон” штаммы Кыргызстанда да катталды.

Комментарий жиберүү