Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталды

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруунун 465 жаңы учуру аныкталып, илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалууда.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстанда “омикрон” штаммын жуктуруунун алгачкы учуру аныкталганы маалымдалган.

Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “омикрон” штаммы 7-январда Өзбекстанга чет өлкөдөн келген чет элдик жарандан аныкталганын билдирген.

Комментарий жиберүү