Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын өз алдынча дарыланбоого жана дарыгерлерге байланышууга чакырды.

Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы жазды.

Маалыматта 17-январга карата Кыргызстан боюнча 781 учур катталса, анын 658и борбор калаада аныкталганын жана коронавирус боюнча абал курч экени айтылат.

Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы суткада 589 адам тез жардам кызматына кайрылган. Алардын 479уна жардам көрсөтүлгөн жана 412 бейтап телефон аркылуу консультация алышкан.

Ошондой эле, 111 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 21и COVID-19 менен, 37си пневмония жана төртөө курч респиратордук вирустук инфекция менен түшкөн.

Мэрия Бишкек шаарынын тургундарын массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну, колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетүүнү, антисептиктерди колдонууну жана эмдөөдөн өтүүнү суранат.

Комментарий жиберүү