Коопсуздук органдары АУЦАнын президенти Эндрю Качинс баңги заттар менен кармалып, текшерүүгө алынганын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги АУЦАнын президенти Эндрю Качинс ИИМдин тергөө кызматы тарабынан катталган сотко чейинки суракка чакырылгандыгын билдирген. Кийинчерээк, Эндрю Качинс Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча суракка чакырылгандыгы белгиленди. Берилген маалыматтар боюнча, АКШнын жаранынан дээрлик бир килограмм баңгизат табылып алынган. Учурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кызматы менен биргеликте ыкчам издөө иш-чаралары…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келди
БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Орусиянын коронавируска каршы Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы Кыргызстанга алынып келинди. Белгилей кетсек, вакцина ушул жылы 24-25-февралда өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясына болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин алкагында алынып келинген. Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вакцинаны өткөрүп берүү жөрөлгөсүнө өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. “Кыргызстан, Орусиядагы калкты эмдөө кампаниясына карабастан, маселени тез арада чечкендиги үчүн…
Прочитайте большеКыргызстандын ТИМнин орун басары жана Ирандын элчиси эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулашты
Бишкек, 23-апрель. – Eurasia Today. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Белгилей кетсек, пандемия мезгилинде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакынкы келечекте эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери ортого салынды. Ошондой эле, эки тараптуу мамилелер тутумундагы биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн…
Прочитайте большеКазакстан эмнеге өзөктүк державага айланбай калды?
Бишкек, 23-апрель, – Eurasia Today. Эгерде Казакстан өзөктүк куралын өнүктүрсө, мусулмандардын алдыңкы мамлекетине айланып, Борбордук Азиянын тарыхы башкача жол менен кетмек. Ильдар Мухаметжанов Казакстандын СССР убагындагы өзөктүк куралдары тууралуу ой-пикирин билдирди.Советтер Союзу кулаган учурда, Казакстанда 1216 ядролук дүрмөттөр болгон, алар ири ядролук ракетанын “калканы” жана “кылычтын” курамына кирген. Эгерде СССРге империалисттер кол салган учурда бул куралдар колдонулмак. Бирок, Беловежская келишимдерине кол коюлгандан кийин, маселе андай болбой калган. Кийинчерээк, СССР аймагында жайгашкан, советтик куралды өз карамагына алган жаңы…
Прочитайте большеИрандагы коронавирус боюнча акыркы статистика. Sputnik V вакцинасынын алтынчы партиясы жеткирилди
БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Ирандын Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министрлиги акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирустан 453 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттар маалымдашты. Ирандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өткөн сутка ичинде COVID-19дан 453 бейтап каза болуп, өлкөдөгү жалпы өлүмдүн саны 68 366 адамга жетти. Ал эми 24 092 жаңы оорулуу катталып, алардын ичинен 3438ү ооруканага жаткырылып, жалпы оорулуулардын саны 2 миллион 335 миң…
Прочитайте большеӨкмөт салык жана бажы кызматтарындагы коррупцияны кантип жоёт?
БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Премьер-министр Улукбек Марипов: Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылышы керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. «Негизги милдеттердин бири – бул салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутумун толук кандуу ишке киргизүү, ал ар кандай каршылыктарга карабастан өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы керек. Бул бизге коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартып, мамлекеттин кирешесин жогорулатууга…
Прочитайте большеКадыр Маликов: «Кумар оюндар ишмердиги арам»
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кадыр Маликов Фейсбуктагы баракчасында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окуудан кабыл алышы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Анын айтымында, Ыйык Рамазан айында, орозо маалында, парламент кумар оюндар ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берүүчү мыйзамды колдоп беришти. “Кумар оюндар ишмердиги арам болуп саналат жана чоң күнөө. Аны бардык мусулмандар билет. Ошол эле учурда, бул идеяны алып чыккан экс-спикер Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков кумар оюндар…
Прочитайте большеБишкекте COVID-19га байланыштуу 15 мектеп жабылды
Окуучулар арасында коронавирус жуктургандар көбөйдү. БИШКЕК, 22-апрель — Eurasia Today. Бишкек шаарында 15 мектеп карантинге жабылды. Акыркы эки күндө коронавирус менен ооруган окуучулар жана мугалимдер көбөйүп кеткен. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди. Г. Акматованын билдирүүсүнө караганда, карантинге жабылган 15 мектеп толук онлайн-режиминде окутууга өткөн. Шаардын мектептеринде салттуу режимде окуп жаткан окуучулардын ата-энелеринин арызынан улам 1 607 үйдөн окуп жатышат. Ошондой эле ал акыркы бир сутка ичинде COVID-19…
Прочитайте большеКадыр түн качан болору айтылды
БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. 2021-жылдагы Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет. Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталган. Белгилей кетсек, 2020-жылы Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленген.
Прочитайте большеФейсбуктун белгилүү активисти Гүлзат Аалиева кармалды
БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Гүлзат Аалиеваны диндер аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн камакка алышты. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирүүсүнө ылайык, 19-февраль күнү Д.У. аттуу жаран Гүлзат Аалиевага Фейсбук социалдык тармагы аркылуу диндер аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Бул кайрылуудан соң, борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Аалиева Г. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда…
Прочитайте большеКыргызстанда канча ардагер калды жана канча жөлөкпул алышат?
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 арадагери бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигимаалымдагандай, Кыргызстанда 146 ардагердин 33ү Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 85и Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 13ү концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15и Ленинград шаарынын блокадасында калгандар. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип билдирет. Ошондой эле республикада Экинчи Дүйнөлүк согуштун тылынын 1 миң 304 эмгекчилери, 2 эмгек жоокери жана…
Прочитайте большеОрусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат
Гамалея борборунун башчысы Александр Гунцбург Орусияда тамчы түрүндөгү коронавируска каршы вакцина качан пайда болорун алдын-ала айтты. Бул тууралуу ал Биринчи каналдын эфиринен билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Анын айтымында, мындай препарат 2021-жылдын аягында же 2022-жылдын башында пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Гунцбург мындай вакцинанын берилген мөөнөттө иштелип чыгышына кепилдик бере албастыгын баса белгиледи. Препараттын бул формасы балдарды эмдөө процессин жеңилдетет, ошондой эле иммунитеттин башка түрүн түзөт деп болжолдонууда. Апрелдин башында Гунцбург РИА Новостиге берген маегинде борбордо мурун куюлуучу…
Прочитайте большеЖакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт
Келерки айдан баштап Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү завод ишке кирет. Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаганын “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Аталган министрликтен билдиргендей, «Баткен облусунун Лейлек районунда “Сафар” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мунай иштетүүчү чакан завод курулуп жатат. Маалыматка ылайык, завод май айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүүнүн көлөмү арттырылып турмакчы. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат….
Прочитайте большеКыргызстанда интернет аркылуу уруксатсыз курал сатуу көбөйдү
Телеграмм- каналдардын бири кыргызстандыктарга травматикалык куралдарды эч кандай уруксат, иш кагаздарсыз сатып алууну сунуштоодо. “Eurasia Today” агенттигинин маалыматына ылайык, курал- жарак саткан Телеграмм каналы көптөн бери өз ишин алпарууда.Курал сунуштаган жарнамачылар Кыргызстан менен Казакстандын аймактарына буюрутмаларды жеткирип беришээрин жазышат. Мыйзамсыз сатылуучу травматикалык куралдардын баасы 12 миңден 15 миң сомго чейин бааланууда. Ал эми мындай жарнактарга карата ИИМ органдары чара көргөндөрү байкалбайт. Белгилей кетсек, мыйзам боюнча, травматикалык куралдарды сатып алуу үчүн атайын аймактык ички органдардын уруксат кагазы…
Прочитайте больше9 – 11 – класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырбайт
Быйылкы жылы республикабыздын мектептеринде окуу жылынын аягында өтүүчү мамлекеттик экзамендер өлкөдөгү пандемияга байланыштуу өткөрүлбөйт. “Eurasia Today” агенттиги билим берүү министрлигинин маалыматына таянып билдирүүсүнө ылайык, быйыл 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерден бошотулушканын жарыялады. Өлкөнүн билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, быйылкы пандемияга байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Берилген маалыматтарга караштуу, экзамендердин ордуна атайын предметтик комиссия түзүлүп, анда окуучулардын жыл бою жетишкендиктери каралып, чейректердеги бааларга жараша экзамендик баа коюлат….
Прочитайте больше