Кечээ, 27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады. “Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. 22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Жапаров Бердымухамедов менен жолугушту
Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан…
Прочитайте большеИрандын руханий лидери улуттук вакцинаны гана тандайт
Аятолла Сейед Али Хаменеи Ирандан чыккан “COV-Iran Barekat” коронавирус вакцинасынын биринчи дозасын алды. Бул тууралуу Ирандын Медициналык Илимдер Академиясынын президенти, доктор Алиреза Маранди билдирди. «Лидер ирандык вакцинаны колдонууга өзгөчө көңүл бурат. Бул вакцина ирандык жаш илимпоздордун аракеттеринин натыйжасы жана эмдөөлөрдүн жогорку деңгээли ”, – деди Маранди. Белгилей кетсек, коронавирус кризиси башталгандан бери Аятолла Хаменеи эмдөөлөргө каршы болгон жок. Бирок аятолла Хаменеи бир гана ирандык дарыларды алууну талап кылган. Ошондуктан, 80 жаштан өткөн ирандык мекендештерди эмдөө…
Прочитайте большеТрамптын биринчи митинги өттү
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп кызматтан кеткенден кийин биринчи митингин өткөрдү. Белгилей кетсек, ал Жо Байдендин миграциялык саясатын кескин сынга алып, Огайо штатындагы Веллингтон шаарында “Американы сакта” деп аталган митинг өткөргөн.Дональд Трамп тарапкерлеринин алдына чыгып, 2020-жылы ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжалары боюнча экинчи мөөнөткө кайра шайланбай калган жыйынтыктар бурмаланган деген билдирүү менен баштады.Ал ошондой эле билдирүүсүндө “үчүнчү жолу президенттик шайлоого катыша алам” деп кыйытты.Митингде Трамп буга чейин активдүү сүйлөгөн темаларга кайрылып, биринчи кезекте Мексика менен чек арадан өтүп, өлкөгө барган…
Прочитайте большеЖаңы муфтий болуп Замир Ракиев шайланды
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп Замир Ракиев шайланды. 26-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан мусумандарынын VII курултайында Замир Ракиевдин муфтийликке талапкерлиги колдоого алынды.Ошондой эле, Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланып, анын төрагасы болуп Көчкөнбай Сайдуллаев шайланды.Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды.Экерте кетсек, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген. Ракиев Замир Шейшенбекович тууралуу маалымат: Туулган жылы: 15.02.1978 ж.Туулган…
Прочитайте большеУКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду
УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду. Бул боюнча жарлыкка КР Президенти Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.“Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири”, – деп жазылат маалыматта.Маалыматка ылайык, жарлыктын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук…
Прочитайте большеCOVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу
Коронавирустун алгач Индияда чыккан штаммы учурда 85тен ашык өлкөгө жайылган «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун илимий кызматкери Сумия Сваминатан Твиттердеги баракчасына жазды.Анын айтымында, «дельта» штаммына чалдыккан адам экиден сегизге чейинки кишиге оору жугузат.БУУнун өкүлү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү өтө маанилүү экенин баса белгилеп, “Бактыга жараша дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү таасирдүү болууда, жок дегенде оорунун оор өтүшүнүн алдын алат”, – деп жазган.Ошондой эле, ал адамдарды коронавирусту жугузуп албоо үчүн…
Прочитайте большеШүгүрдүн түрлөрү
Аллахты таануунун шүгүрү: Бизге билдирген буйруктары менен тыйууларына маани берүү, хубби филлах жана бугди филлахты кармануу, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүүлөрүн жакшы көрүп, душмандарын жек көрүү (душмандык кылуу), ошону менен катар көп алхамдулиллах деп айтуу. Пайгамбарды таануунун шүгүрү: Ахли сүннөт ишениминде болуу, сүйүктүүлөрүн жана аны жакшы көргөндөрдү жакшы көрүү, анын жакшы көрбөгөндөрүн жана аны жакшы көрбөгөндөрдү жакшы көрбөө, сүннөт менен амал кылуу. Олуяларды таануунун шүгүрү: Анын китептерин окуу, окутуу жана таратуу, шакирттери менен жакшы мамиледе болуу….
Прочитайте большеЖамгыр дубасы
Суроо: Жамгыр дубасында эмне үчүн алакандар төмөн бурулат? ЖООП Жамгыр дубасында алакандар төмөнгө бурулбайт. С. Ахмед Тахтави хазреттери айткан: «Истиска» деген сөз жамгыр дубасы үчүн талаага чыгуу дегенди билдирет. Хамд кылынып, истигфар окулуп дуба кылынат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана Асхабы кирам, Ислам аалымдары жамгыр дубасын кылышкан. Талаада эки рекет намаз окулат. Имам асага таянып хутба окуйт. Кийин кыбылага карап алакандарын асманга карата ачып, далысына чейин колдорун көтөрүп өйдө туруп дуба кылат. Ал жердегилер отурган жерлеринде амин дешет….
Прочитайте большеОоганстандагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстанда аскердик машыгуулар башталды
Өзбекстанда аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча пландалган машыгуулар башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Тактикалык машыгуулардын жүрүшүндө өздүк курамдын иш-аракеттери, берилген багытта коргоону күчөтүү мүмкүнчүлүгү жана күжүрмөн даярдыктын жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышы текшерилет. Аскердик машыгуулар Ооганстандагы абалдын курчушуна байланыштуу өтүп жатат. Бүгүн, 25-июнда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 23-июнда Ооганстандын 53 чек ара кызматкери жана жергиликтүү куралчан ополчениенин аскерлери Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин маалымдады. Эске салсак, 22-июнда Талибан кыймылынын согушкерлери Тажикстан менен…
Прочитайте большеCOVID-19дун “дельта” штаммы Өзбектанда да табылды
Индияда жайылып, кооптуу экени айтылып жаткан коронаирустун “дельта” штаммы коңшу өлкө Өзбектанда да табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдашты.Өзбекстандын алдынкы технологиялар борборунун жетекчисинин орун басары Алишер Абдуллаев эмдөө жай жүрүп, элдин санитардык эрежелерди жана карантиндик чараларды сактабагандыгы үчүн коронавирустун жаңы учурлары көбөйүп жатканын билдирди.Бул өлкөдө коронаирус боюнча жалпы 107 миң 708 учур катталды.Экерте кетсек, коронавирустун “индиялык штаммынын” угуунун начарлашы, диарея, ашказандын катуу бузулушу жана гангренага алып келүүчү тромбдун пайда болушу сыяктуу бир нече кооптуу белгилери байкалганы…
Прочитайте большеКоронавирустан көз жумгандардын саны 2000ге жакындап калды
Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы 875 адамдан коронавирус табылды жана дагы 6 адам каза тапты. Бул тууралуу COVID-19 борюнча Республикалык штаб билдирди. Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 1964гө жетти. Илдетти жуктургандардын эң көбү Бишкекте: • Бишкек шаарында – 395;• Ош шаарында – 55;• Чүй облусунда – 128;• Ош облусунда – 109;• Талас облусунда – 12;• Нарын облусунда – 10;• Ысык-Көл облусунда – 27;• Жалал-Абад облусунда – 90;• Баткен облусунда – 49 кишиден…
Прочитайте большеТүркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавируска каршы ата мекендик вакцинанын сыноодон өткөрүүнүн үчүнчү этабы башталганын жарыялады. Эрдогандын айтымында, коронавируска каршы түрк вакцина “Turcovac” деп аталат. “Коронавируска каршы ата мекендик вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасы менен Түркия бул жаатта жаңы баракты ачат», – деди Эрдоган Түрк вакцинасынын презентациясында. Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле Түркияда коронавируска каршы эмдөө процесси бир нече жуманын ичинде 18 жаштан жогорку калкты толугу менен камтый тургандыгын белгиледи.Пресс-конференция учурунда Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустук инфекцияга каршы Turcovac түрк…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды. Бул Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болмокчу. Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары маалымдалган жок. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу боюнча макулдашуу 30-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда жетишилген. Анда Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жакынкы ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган. Иш сапардын конкреттүү даталары дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмак. Баарлашуунун жүрүшүндө,…
Прочитайте большеЖамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн
Саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөн Эр-Рияддын ыкчам кызматкерлери АКШнын Мамлекеттик департаменти бекиткен келишимдин негизинде АКШда даярдыктан өтүшкөн. АКШ бийлиги жана инструкторлор ал адамдардын репрессиялардагы ролун билбесе керек, деп жазды The New York Times басылмасы. The Washington Post гезитинин журналисти Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышкан Сауд Аравиянын төр жараны АКШнын Мамлекеттик департамент тарабынан бекитилген келишимдин негизинде АКШда атайын даярдыктан өтүшкөн. Бул тууралуу 22-июнда The New York Times (NYT) басылмасы булактарга шилтеме берип жазды. Басылманын маалыматына караганда, даярдыкты Cerberus Capital…
Прочитайте больше