Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) хижрий жыл санагынын 1-жылында Билял ибн Раббахды муэзин (азанчы) кылып даярдаган. Көпчүлүгүбүз бул сахабаны пайгамбарыбыздын (САВ) 1-азанчысы катары тааныйбыз. Ал эми Ислам тарыхында экинчи азанчы ким болгонун билесизби? Бул – Абдуллах ибн Умми Мактум. Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык, таң каларлык эр жүрөктүүлүк сапаты менен суктандырган бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
1- Абдуллах ибн Умми Мактум- өзү меккелик, курайш уруусунан. Пайгамбарыбызга (САВ) тууганчылыгы бар. Пайгамбарыбыздын (САВ) сүйүктүү жубайы Хадижа энебиздин таякесинин баласы. Ал эми Абдуллахтын атасынын аты Кайс, чоң атасынын аты Заида, апасынын аты Атика, таятасынын аты Абдулла болгон.
2- Апасын Умми Мактум (сокурдун энеси) деп аташкан. Анткени Абдуллах көзү азиз төрөлгөн. Ошол себептен “көзү азиздин апасы” деген наамы аркылуу таанымал болгон.
3- Пайгамбарыбыздын (САВ) бул сахабага мамилеси өзгөчө болгон. Абдуллах ибн Умм Мактум бир жерге отуруп калса, Пайгамбарыбыз (САВ) “менин жаныма кел” деп, ал-абалын, ден соолугун сурап турган. Абдуллах ибн Умм Мактумдун муктаждыгын бүтүрүп берчү.
4- Аллах Таала Абдуллах ибн Умми Мактумдун көөдөнүн, көкүрөгүн кенен ачып, аны алгачкы Исламга киргендердин катарына кошкон. Абдуллах ибн Умми Мактум Меккеде мусулмандарга көрсөткөн курайш уруусунун запкысынан куру жалак калган жок. Албетте абдан кыйналып, запкы чекти. Бирок кээ бир адамдарга окшоп жалакайлык кылып, кабыл алган Ислам динин чана түшүп, мурдагы ата-бабалары сыйынып келген айкелди кучактап качкан эмес. Ал дининде жерге кагылган казык сымал бекем туруп, акыл жана зиректиги менен сыймыкка татырлык эле. Курайш мушриктери жаңыдан динге кирип жаткан Пайгамбарыбыздын (САВ) сахабаларына болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарды көрсөткөн. Бирок көрсөткөн кыйынчылыгынын бирөөсү да Абдуллах ибн Умм Мактумдун канатын кайрып, багытын бура алган жок. Тескерисинче, алар канчалык запкы көрсөтсө, Абдуллах ибн Умм Мактумдун динине болгон бекемдиги, Аллахтын китебине болгон жакындыгы, Пайгамбарыбызга (САВ) болгон умтулуусу барган сайын күчөй берген.
5- Абдуллах ибн Умм Мактум жашоосунда бир мүнөт да бош отуруп калууну өзүнө ыраа көрчү эмес. Убакыт болсо дароо Пайгамбардын (САВ) жанында болуп, алдына келип “О, Аллахтын элчиси, сизге жаңыдан түшүп жаткан аяттарды дароо мага окуп бере коюңузчу, мен жаттап ала коёюнчу” деп умтулуп турган.
6- Бир күнү Пайгамбарыбыз (САВ) Мекке шаарында Рабиуль Утба, бир тууганы Рабиуль Шайба, Абу Жахль, Уммаятуму Халяф, Аль Уалидин Мугирага жолугат. Пайгамбар (САВ) буларга жолугардан мурда алар менен бир пикирге келип, сүйлөшүп отуруп алардын динге кирип калышын эңсеген. Исламды кабыл алса алардан запкы көргөн сахабалар аз да болсо тынчтыкта жашайт беле деген үмүт менен аларга маңдай-тескей отурууга мажбур болду. Сүйлөшүү башталып жаткан учурда Абдуллах ибн Умм Мактум Пайгамбарыбызга (САВ) кайсы аят түштү экен деп кызыгып, “Мен биринчи болуп жаттай калайын” деп Пайгамбаыбызга: “Йа Расулалла, Аллах үйрөткөн нерселерден мага үйрөтө салыңызчы. Мен биринчилерден болуп жаттап ала коёюнчу”, – деп кайра-кайра Пайгамбардын оңуна-солуна өтүп жатты. Пайгамбарыбыз (САВ) кабагын бүркөп, жактырбагансып, ушундай учурда тоскоол болосуң дегендей Абдуллах ибн Умми Мактумдан назарын буруп койду. Пайгамбарыбыздын (САВ) алар менен сүйлөшүүсүнө кызыгуусунун себеби “булар жетекчилер да, динге кирип калса дин дагы өркүндөйт беле” деген ойдо болгон. Качан гана сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаган соң Пайгамбарыбыз (САВ) үйүнө жана үй-бүлөсүнө барууга камынды. Ошол учурда Пайгамбарыбыздындын көзү асманга бир көтөрүлүп, башын бирөө катуу сылагансыды. Бул учурда Курандагы” Абаса””сүрөсүнүн 16 аяты түшкөн.
“Ал кабагын бүркөп ары бурулду
Сокур киши келип калганы үчүн
Ал мүмкүн (күнөөдөн) тазаланууну каалаганын сен кайдан билер элең?
Анан ошол эскерме ага пайда берер.
Ал эми (өз байлыгы менен маашырлана) текеберденген адам.
Сен ага (көңүл буруп) кабылдайсың.
(Анын) тазаланбоосу сага зыяны жок.
Ал сага (чын ыклас менен) умтулуп келгенге.
Ал (Аллахтан) коркуп турат.
А сен ага көңүл бурбай алаксыйсың.
О Жок! Акыйкатта, ал эскертме.
Ким кааласа эстейт аны.
(Ал) ыйык барактарда,
Көтөрүлгөн жана таптаза
Элчи (периштелердин) колунда.
(Алар) ардактуу (жана) такыба”.
Бул 16 аят кыямат болгонго чейин ар бир хафиздин, Куран окуучунун жүрөгүндө сакталуу жана тилинде окулуп турат. Аят түшкөндөн кийин Пайгамбарыбыздын (САВ) Абдуллах ибн Умм Мактумга болгон мамилеси өзгөрдү.
7- Аллах Таала Абдуллах ибн Умм Мактумду даңазалап, Пайгамбарыбызды (САВ) бир аз жемеледи. Кээ бир риваяттарда Абдуллах ибн Умм Мактумду аркасынан келип кучактап туруп, “Аллахыма мени жемелеткен ушу да” деп тамашалап, күлүп, аябай көңүлүн көтөрүп койчу.
8- Пайгамбарыбызга (САВ) жана ага ыйман келтирген сахабаларга, динге киргендерге курайш уруусунун запкысы күчөгөндөн күчөй берди. Ошол себептен Аллах Таала мусулмандарга хижрат кылууга (көчүүгө) уруксат берди. Мекенин, киндик кан тамган жерин таштап, дин менен жашайм деп Меккеден чыгып кеткен сахабалардан биринчилерден болуп Абдуллах ибн Умми Мактум менен Мусаб ибн Умайр болду. Алар Мадина шаарына көчүп келишери менен шаарды аралап даават кылышкан. Куран окуп берип, башкаларды окутуп жана Аллахтын динине чакырышкан.
9- Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага келгенде Абдуллах ибн Умми Мактум менен Билялды мусулмандарды беш убак намазга жар салып чакырчу азанчы кылып дайындаган. Алар адамдарды жакшы ишке, кеңешмеге, намазга, жихадга азан менен чакырышкан. Кээде Билял азан айтса, Абдуллах ибн Умми Мактум намазга икоомат айтчу. Кээде Абдуллах ибн Умми Мактум азан айтса, Билял икоомат айтчу.
Абдуллах ибн Умми Мактум менен Билялдын рамазанда өзгөчө, башкача абалы болгон. Анткени мусулмандар экөөнүн биринин азаны менен саарлыкка (ооз бекитүүгө) турса, экинчисинин азаны менен ооз ачышчу. Билял түн бир оокумда азан айтып, саарлыкка тургуза, Абдуллах ибн Умми Мактум азан айтып, орозону токтоткула деген белги берчү. Эки көзү сокур Абдуллах ибн Умми Мактум бир да таңдын азанын өткөрүп жиберген эмес.
10- Пайгамбарыбыздын (САВ) Абдуллах ибн Умми Мактумга сый – урматы ушунчалык чоң болгон. Ондон ашык жолу Пайгамбарыбыз (САВ) сапарга чыкканда, Абдуллах ибн Умми Мактумду Мадинага өзүнүн орун басары, Меккени кайра мусулмандардын колуна алуу максатында Меккеге чыкканда, ордуна имам кылып калтырган.
11- Бадр согушу аяктары менен Аллах Таала Пайгамбарыбызга жихадга чыккандардын зоболосун көтөрүү, үйдө себепсиз отуруп калгандарды шыктандыруу максатында аят түшүрдү. Ал үйүндө себепсиз отургандардын кадыр баркынан жихадга чыккандардын кадыр-баркы жогору экендигин баяндаган аят эле. Бул аят Абдуллах ибн Умм Мактумга аябай катуу таасир тийгизген. Мындай сый-урматтан мен куру жалак каламбы деп кыжаалаттанып, Пайгамбарыбызга (САВ) келип: “Эй, Аллахтын элчиси, эгер жихадга чыкканга алым жетсе бармакмын, көрбөйсүзбү, эки көзүм сокур, кантип чыгам”, – дейт. Андан соң үйүнө келип, “Йа Рообим, жараткан Алла, менин абалымды сен Өзүң билип турасың. Сен Өзүң мени ушинтип жараттың. Менин абалымды эске алып, сен бир аят түшүрөсүң, түшүргүн” деп ыйлай берди. Ал ый, көз жаштан соң бир окуя болду. Бул жөнүндө Пайгамбарыбызга (САВ) түшкөн Куран аяттарын жазган Зейд ибн Саабит мындайча айтып берди. Мен бир күнү Пайгамбар (САВ) менен сүйлөшүп отургам. Пайгамбарыбыз (САВ) бутун сунуп отурган. Мен да бутумду сунсам ал менин бутумдун үстүнө бутун сунуп коюп отурду. Бир учурда Пайгамбарыбыз (САВ) мага сүйлөп жатып токтоп калды. Аны негедир кара тер басты. Анын бутунун салмагы менин бутумдун сөөктөрүн сындыра жаздады. Ушунчалык салмактуу болуп, заматта жанагы салмак жоголуп Пайгамбардын (САВ) өңү мурдагы абалга келди. Ал кара терге чөмүлгөн бойдон мага: “Зейд, тезинен жаз. Мага аят түштү”, – деди. Ал аят “Ниса” сүрөсүнүн, 95-аяты.
“Аллах жолунда жихад кылгандар менен момундардын арасында отуруп калгандардын даражасы бирдей эмес” деп жаздыртты. Ошол учурда Абдуллах ибн Умми Мактум келип калган. Пайгамбардын айтып жаткан сөзүн угуп Абдуллах ибн Умм Мактумдун үрөйү учуп кете жаздады. “Йа Расулалла, алы, чамасы жетпегендер жихадга кантип чыгат? Мен сыяктуу мунжу, майып, себептүүлөрчү? Алар жөнүндө Аллах Таала аят түшүрбөдүбү?!”, – деп ал сөзүн бүтүп бүтө электе Пайгамбарыбыз (САВ) дагы мурдагы абалга түшүп, кайрадан өзүнө келди. Пайгамбарыбыз (САВ) : “Зейд, жазганыңды оку”, – деди. Мен мурдагыдай “Аллах жолунда жихад кылгандар, үйүндө себепсиз отуруп калган момундар алардын даражасы бирдей эмес” деп окусам, Пайгамбарыбыз (САВ) ортосуна жазгын: “Себеп менен калгандары, өз мал-мүлкү менен, өз жаны менен Аллахтын жолуна жихадга чыккандардын даражасы менен себепсиз жихадга чыкпай койгондордун, жөн эле жалкоолонуп, жалгандан шылтоо айтып отуруп алгандардын даражасы таптакыр бөлөк, алар даража ала албайт. Себепсиз жалган шылтоо менен калгандар”, – дегенде Абдуллах ибн Умм Мактум сүйүнүп кетти. Аллах Таала Абдуллах ибн Умм Мактумду “сен себептүүсүң, сен булардын катарына кошулбайсың” деп анын көңүлүн көтөрдү.
12- Ошентсе деле Абдуллах ибн Умми Мактум жихаддын сообу таптакыр башкача экендигин түшүндү. Бул аят түшкөндөн бери ал “сөзсүз түрдө мен жихадга чыгышым керек” деп өзүнө-өзү тапшырма койду. Анткени улуу инсан улуу нерселер менен гана канааттанат эмеспи. Ошол күндөн баштап жихад, салгылашуу менсиз өтүп кетпесе экен” деп тиленди. Акыры мусулман жоокерлерине келип: “Мени алып алгыла. Менин да силерге пайдам тиет. Мага желекти берип, катардын эң алдына коюп койгула. Маңдайымданбы, оң-солуманбы качырып келе жаткан душманды көрбөсөм коркпоймун. Коркпогондуктан тууну таштап качып кетпеймин. Желектин турганы мусулман жоокерлери бар экендигинен кабар берет” деп жихадга чыкты.
Умар ибн Аль Хаттаб хижраттын 14-жылында Перс падышасы менен салгылашууга катуу бел байлады. Перс эли кудайсыздык менен жашап келген. Өлкөсүн түп – тамыры менен жоготуп, ал жерге Ислам жана ыймандын желегин тургузууну көздөдү. Анан Умар жар салды: “Курал-жарак кармаганга, ат минип жетелей алган, кеңеш берген инсан болсо, эч кимиси калбай менин алдыма жыйылсын”, – деди. Жарыяны уккан кокту-колоттордо, жылгаларда, дөңсөөлөрдө, түздүктөрдө жашаган эл заматта алдына чогулду. Аскерлердин башына Саад ибн Абу Бакасты жетекчи кылып, алар менен кош айтышып, Умар Мадинада кала берди. Кетип жаткан аскерлердин ичинде эки көзү сокур Абдуллах ибн Умми Мактум бар болчу. Душман аскерлери менен беттеше турган уруш майданына келип тизилишкенде Абдуллах ибн Умми Мактум кадимкидей жыттуу атырды себинип, темирден болгон соот кийимин кийинип, мусулмандардын желегин бийик көтөрүп, аны сактоого жана анын алдында шейит болууга ичинен Аллахка убада берди. Согуш отунун чаңы асманга буруксуп көтөрүлүп, 3 күн, 3 түн дегенде жеңүү тарап мусулмандарда болду. Ошол учурда кылымдар бою кудайсыздык менен өкүм сүргөн өлкө түп- тамырынан жоголуп, ал жерге Исламдын, ыймандын желеги тургузулду. Бирок бул жеңиш жүздөгөн шейиттердин каны, күчү менен багынтылды. Шейиттердин арасында денесинде бир канча кылыч, найзанын изи бар, мусулмандардын желегин бекем кучактаган Абдуллах ибн Умм Мактум бар эле. Ошентип ал Аллах жолунда шейит кетти.
Макала Садыбакас ажы Дооловдун баянынын негизинде жазылды.