Азербайжан жаңы колго алган Тоолуу Карабакка инвесторлорду тартууда

Азербайжандын тышкы иштер министри Жапон инвесторлорун Тоолуу Карабакка чакырды.

 Белгилей кетсек, Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жейхун Байрамов Жапон Республикасынын Тышкы иштер министри Тошимицу Мотеги менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүү учурунда Байрамов япониялык кесиптешин учурдагы оор кырдаалга карабастан, Токио – 020 Олимпиада оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушу менен куттуктады.
Андан ары ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар келерки жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча пикир алмашты. Мындан тышкары, Байрамов япон кесиптешине Азербайжандын бошотулган аймактарында калыбына келтирүү жана курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул процесске чет өлкөлөрдүн, анын ичинде япон инвесторлорунун катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Жыйынтыктап айтканда, министрлер эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди талкуулашты.

Комментарий жиберүү