Орусия Борбор Азияга курал жеткирүүнү көбөйтөт

Орусия мүмкүн болгон террордук коркунучтарды ооздуктоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө курал жеткирүүнү көбөйтүүдө.

 Бул тууралуу РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов өзбекстандык кесиптеши Шухрат Халмухамедов менен жолугушуу учурунда билдирди. «Аймактагы кырдаалдын курчушуна жооп берүү жана террордук коркунучтарды ооздуктоо боюнча иш -чараларды жүзөгө ашыруу үчүн Өзбекстандын аймагында да, Тажикстандын аймагында да бир катар биргелешкен машыгуулар пландаштырылган. Аскердик-техникалык жардамдын алкагында курал-жарак, техника жана аскердик мүлктү кошумча жеткирүү уюштурулду »,- деди ал.
Мындан тышкары, Герасимов кошумчалагандай, Орусия Өзбекстандын Куралдуу Күчтөрүн жакшыртууга “методикалык жардам” көрсөтөт, ошондой эле алар үчүн Орусиянын аскердик университеттеринде квалификациялуу кадрларды даярдайт.
Эске салсак, 5-августта Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Ооганстан менен чек арага жакын жерде аскердик машыгууларды баштаганы кабарланды.

Комментарий жиберүү