Coca Cola суусундугу Covid-19 тестин жасалма түрдө оң чыгарышы мүмкүн

Ливерпуль университетинин окумуштуулары жасалма таттуулары бар алкоголсуз суусундуктардын ПЦР тестине тийгизген таасирин анализдешти.

Бул изилдөө чарасы бир канча өспүрүмдөр коронавирустун жалган оң анализин чыгуусу үчүн таттуу суусундуктарды колдоно баштагандан кийин көрүлгөн.
Интернетте барган сайын укмуштуудай видеолор тарап жатканы айкын. Мисалы, Covid-19 анализин жалган түрдө оң чыгаруу үчүн Соса Cola суусундугун колдонсо болоору айтылат.
Ал эми, ПЦР тестин тапшыруудан алдың ачкарын Кола, Спрайт же Фанта суусундуктарын ичип алса, анализ жасалма түрдө оң чыгышы мүмкүн экени аныкталды.
Эске салсак, британиялык окуучулар сабакка барбоо үчүн анализ тапшыраардан мурда апельсин ширесин ичип алышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, апельсин ширесинин кычкылы тест  коронавируска оң көрсөтмө берет. Ошондой эле кетчуп же кола, спрайт суусундуктары да жалган оң натыйжага алып келиши мүмкүн.

Комментарий жиберүү