Эрдоган өрттөн жабыркаган аймактарга 250 млн. Бак отургузат

Түрк бийлиги токой өрттөрүнөн жабыркаган аймактарга 250 млн. бак тигүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган журналисттерге берген маегинде билдирди.
 «Өрттөн жабыркаган аймактар кайрадан жашылдандырылат. Ар бир жаран отургузуу үчүн үч көчөт ала алат, жалпысынан 250 млн. дарак отургузулат ”, – деди түрк президенти.
Буга чейин маалымдалгандай, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде курорттук Анталия жана Мугла провинцияларында 12 токой өртү өчүрүлгөн.
 Өрттөрдүн кесепетинен, акыркы маалыматтар боюнча, сегиз адам каза болуп, 864 адам жаракат алган.

Белгилей кетсек, токойлордо өрт уюштургандарга шектүү Мугла провинциясында 6 адам жана Бодрумда 3 адам кармалган. Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, шектүүлөр Курдистан Жумушчулар Партиясына тиешелүү болушкан.

Комментарий жиберүү