Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Каспий деңизинде яхта менен сейилдешти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Борбор Азиянын мамлекет башчылары бүгүн, 6-августта яхта менен биргеликте Каспий деңизине сапар алышты.

 Белгилей кетсек, сейил учурунда аймак өлкөлөрүнүн президенттери мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана таасирдүү потенциалга ээ болгон өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.
Ошондой эле мамлекет башчылары заманбап реалдуулуктарды эске алуу менен аймактык байланыштарды күчөтүү контекстинде түркмөн лидеринин демилгеси менен Каспий жээгинде өткөрүлгөн эл аралык иш -чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Түркмөн жергесинде көрсөтүлгөн меймандостук үчүн президент Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирүү менен, Борбор Азия өлкөлөрдүн жетекчилери өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык иш-чаралар региондо толук кандуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдиришти.
Андан кийин мамлекет башчылары автобус менен көп функционалдуу “Аваза” спорт комплексине барышып, Улуттук туристтик зонанын табигый өзгөчөлүктөрүн жана модалуу объектилерин карап чыгышты. Бүгүн, 6-августта Каспий жээгинде жайгашкан “Авазада” Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Эске салак, президент Садыр Жапаров кечээ Борбор Азия өллкөлөрүнүн жетекчилеринин консультативдик жолугушууларына катышуу максатында Түркмөнстанга жөнөп кеткен.

Комментарий жиберүү