Ирандын жаңы президентин Португалия, Финляндия, Орусия президенттери куттукташты

Иран Ислам Республикасынын сегизинчи президенти Сейед Ибрахим Реисинин инаугурациясы өттү.

Белгилей кетсек, Иран президентинин инаугурациясы 5-августта Тегеранда 73 мамлекеттин 115 расмий жетекчилеринин катышуусунда өттү. Инаугурацияга Португалиянын президенти Марсело Ребелу де Соуза, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Ирак жана Ооганстан президенттери келишип,  Сайед Ибрахим Реисини Иран Ислам Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалашты.
Мындан тышкары, Бельгиянын премьер -министри, Орусия Мамдумасынын өкүлү өз өлкөсүнүн президенттеринин атынан Ирандын жаңы жетекчисин куттукташкан.
Инугурация аземине катышкан расмий жетекчилердин  арасында Ирак Күрдистанынын Президенти Ничерван Барзани, Азербайжан Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сахиба Гафарова, Түркмөнстан Республикасынын Улуттук максатка ылайыктуу кеңешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Гулмырадович Бабаев, Түркия Парламентинин Төрагасы Мустафа Шентоп, Хамас кыймылынын өкүлдөрү Исмаил Хания, шейх Ахмед Насер аль-Кувейт, Али бин Ахмед аль-Кувари, Катардын соода жана өнөр жай министри, Италиянын Тышкы иштер министрлигинин саясий жана коопсуздук иштери боюнча башкы директору Паскуал Феррара бар.
Ошондой эле Занзибар (Танзания) парламентинин спикерлери, Иран-Бразилия парламенттик достук тобунун төрагасы, Никарагуанын тышкы иштер министри жана Гвинея Конакри Сама Фуданын төрагасынын орун басары, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Ливандын Хезболлах уюмунун төрагасынын орун басары шейх Наим Касим, Сербия парламентинин төрагасы Ивица Дачич, Алжирдин премьер-министри Айман Бенабдеррахман аземге келишкен.
Иран Ислам Республикасынын жаңы президентин колдоп келишкен чет элдик дипломаттардын көптүгү, Ирандын тышкы саясат аренасындагы ийгиликтүү дипломатиясынын белгиси.

Комментарий жиберүү