Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты

Түркмөнстанда өткөн консультативдик жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиянын мамлекет башчылары Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты.

Бул жолугушууда  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө “Борбор Азия регионунун коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү көбүнчө коңшу Ооганстандагы саясий жөнгө салуудан көз каранды. Биздин тынчтык процессине болгон көз карашыбыз – бул ок атууну токтотуу жана зомбулук, сүйлөшүүлөрдүн негизинде өз ара алгылыктуу компромисске жетишүү”,- деп белгиледи.
Өзбекстандын президенти мындай деп кошумчалады: «Ооганстандын талкаланган экономикасын калыбына келтирүү үчүн биз транспорттук, коммуникациялык жана энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөбүз, биз достук ооган элине бардык мүмкүн болгон гуманитардык жардамды көрсөтүүнү улантабыз.”
Ал эми Тажикстан президенти Эмомали Рахмон да Ооганстан маселесинин регион үчүн биринчи даражадагы маанисин белгиледи. “Акыркы айлардагы окуялар, атап айтканда, америкалык аскерлер менен алардын союздаштарынын Ооганстандан чыгарылышы бул өлкөдөгү аскердик-саясий абалды кескин начарлатты”,- деди ал. Анын айтымында, азыр Ооганстан тараптан Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын бардык чек ара тилкеси радикалдуу “Талибан” кыймылынын мүчөлөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Анын айтымында, Тажикстандын чек арасына жакын жерде ар кандай топтордун топтолушу өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
Эске салсак, Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу Каспий деңизинин Түркмөнстан жээгиндеги Аваза улуттук туристтик зонасында өттү. Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышышкан. Ал эми, биринчи эки жолугушуу Нур-Султанда (2018) жана Ташкентте (2019) өткөн.

Комментарий жиберүү