Евразия экономикалык бирлигине кирген 5 өлкөнүн ичинен Орусия эң көп мамлекеттик тышкы карызга ээ. Тагыраак айтканда, Орусиянын тышкы карызы 2021-жылдын 1-январына карата 56 млрд. 702,9 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү ар бир жаранына бөлгөндө $3067 туура келет.Ал эми Тажикстан тышкы карызы эң төмөнкү деңгээлдеги өлкө катары белгиленгени менен 3,7 млрд. долларды (тышкы карыз) ар бир жаранга эсептегенде $1641дан айланып калат.Ошондой эле коңшу Казакстандын тышкы карызы 160,9 млрд. доллар, ар бир жаранга $4005. Өзбекстандын тышкы карызы…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
С. Жапаров Р. Эрдоган менен жекеме жеке жолугушканда эмнелерди сүйлөштү?
Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-июнда, Анкара шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу тет-а-тет форматында өттү. Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу…
Прочитайте большеДССУ:Адамзат мындан ары коронавирус менен жашаганга көнүшү керек
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту толугу менен жок кылуу келечекте мүмкүн эместигин билдирди. ДССУнун өкүлү, доктор Дэвид Набарронун айтымында, вакциналардын же дары-дармектердин жардамы менен коронавирус жок болот деп үмүттөнүүнүн кажети жок. «Адамдар ушул вирус менен жашоону үйрөнүшү керек болот. Жаңы штаммдар пайда болот, оорулардын башталышы жана инфекциянын жаңы очоктору пайда болот, биз буга көнүшүбүз керек », – деди доктор Набарро Sky News каналына берген маегинде. Анын айтымында, бүткүл дүйнө жаңы штаммдардын пайда болушуна таң калычтуу нерсе эмес, бул…
Прочитайте большеФранциянын президентин белгисиз адам бетке чапты
Франциянын президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Дром департаментине барганда белгисиз адам жаакка чапты. Бул окуя видего түшүп калып, социалдык тармактарда жайылып, коомчулуктун талкуусуна алынганын BFMTV каналы билдирди.Кадрларда мамлекет башчы жарандар турган тосмолорго кандайча жакындагандыгы жана ушул учурда бир адам саясатчынын бетине чапканы көрсөтүлөт.Окуяда белгисиз адамды президенттен коргоо үчүн коопсуздук кызматкерлери тез арада кийлигишишти. Алар кол көтөргөн адамдын колун кайрып, токтотушкан.Телеканалдын билдирүүсүндө, окуядан кийин эки адам кармалган.
Прочитайте большеБишкектин мечиттеринде жума намаз окууга болот
КМДБ 11-июндан тарта Бишкек мечитеринде жума намаз окууга уруксат берди. Муфтияттын айтымында, жума намаз окуу жөрөлгөсү бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди так сактоо менен жүргүзүлүшү керек.Белгилей кетсек, намазга келгендерге маска кийүү, намаз окуй турган жайларды дезинфекциялоо, келгендердин баарынын температурасын өлчөө, 1,5 метр аралыкты сактоо, кол алышып кучакташпоо, ар ким өзүнүн жайнамазын алып келүү шарттары коюлган.Ошондой эле ооруп жаткан адамга мечитке кирүүгө уруксат берилбейт.Эске салсак, мурдараак Бишкекте эпидемиялык абал күчөгөндөн улам мечиттерде жума намаз окууга убактылуу тыюу салынган.
Прочитайте большеКнессеттин спикери: Израилдин жаңы өкмөтү 13-июнда ант берет
Израилдик Кнессеттин спикери келерки жекшембиде парламент жаңы өкмөткө добуш берээрин жарыялады. Израилдик Кнессеттин спикери Ярий Левин парламент 13-июнда жаңы өкмөткө добуш бере тургандыгын жарыялаган.“Жаңы өкмөт учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүн алмаштырат”,- деп кошумчалады Левин.Белгилей кетсек, Израил армиясынын радиосу ошондой эле Кнессет жаңы өкмөткө макул болсо, өкмөт ошол эле күнү ант берээрин билдирген.Эске салсак, Беньямин Нетаньяху Ликуд партиясынын жыйналыштарында Ямина жана Яш Атид партияларынын лидерлери Нафтали Беннетт жана Яир Лапид башында турган өкмөткө катуу каршы экендигин баса белгилеген.
Прочитайте большеМалайзияда температурасы жогору адамдарды атайын дрондор издешет
Малайзия бийлиги дене табы жогору адамдарды табуу үчүн дрондорду колдоно баштайт. Белгилей кетсек, инфракызыл датчиктер менен жабдылган дрон-сканерлер адамдардын температурасын 20 метрге чейинки бийиктиктен аныктап, дене табы бар экендигин эскертет.Эске салсак,буга чейин өлкө бийлиги коронавируска каршы иш-чаралардын кеңири сакталышын камсыздоо максатында пилотсуз учактарды колдонушу мүмкүн экендигин эскерткен.Пандемия башталгандан бери Малайзияда 616,8 миңден ашуун COVID-19 инфекциясы аныкталды жана 3,3 миңден ашуун бейтап каза болду.
Прочитайте большеКүнөөгө маани бербөө деген эмне?
Суроо: Айрымдар: “Ичкилик ичкен адам арам экенине маани берсе ичмек эмес, ачык жүргөн аял мунун арам экенине маани берсе оронмок. Андай болсо, кылып жаткан күнөөлөрүнө таарынбагандыктары үчүн, башкача айтканда, маанисиз деп билишкендиктери үчүн капыр болушууда”, – деп айтып жатышат. Бул маселени түшүндүрүп бересизби? Жооп: Күнөөнү маанисиз деп эсептөөнүн эмне экенин көпчүлүк билбейт, ошондуктан, күнөөлүүлөр капыр деп аталып жатат. Бул туура эмес. Кайгырбаган, маани бербеген адам ыйманынан ажырайт, бирок, кайгыруу, маани бербөө деген эмне? Мисалы, намаз окуган бир…
Прочитайте больше4 нерсе
4 нерсе денеге кубат берет: – Бал – Атыр жыт сүрүнүү – Жетиштүү жуунуу – Жумшак кездемеден сулуу көйнөк кийүү 4 нерсе денени алсыратат: – Артыкча ой – Ашыкча кычкыл жеп-ичүү – Ач карынга суу ичүү – Ашыкча кошулуу 4 нерсе көзгө кубат берет: – Сурма тартуу – Жашылды кароо – Аккан сууну кароо – Халал болгон сулуу жүздү кароо 4 нерсе көздүн нурун азайтат: – Ыплас нерселерди кароо – Өлүм менен жазаланганды кароо – Харамды…
Прочитайте большеТалибан Тажикстан менен Кыргызстанды талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды
“Талибан” кыймылы Тажикстан менен Кыргызстанды көйгөйлөрүн диалог жолу менен чечүүгө жана эки өлкөгө тең пайдалуу логикалык чечим издөөгө үндөйт. Бул тууралуу Талибандын расмий өкүлү Забехулла Мужохид Твиттерде жарыялаганын маалымат каражаттары кабарлашты.Бул билдирүү 5-июнда жарыяланган. Анда: “Ислам Эмирлиги (уюм өзүн Ислам Эмирлиги деп атайт) эки Ислам жана бир тууган өлкөлөрдү ортодогу көйгөйдү диалог жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырат”, – деп жазылат.Борбор Азиядагы эки өлкөнү өз ара келишпестиктерин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөгөн бул топ АКШ менен тынчтык…
Прочитайте большеКыргызстанда коронавирустан дарыланып жаткан 99 бейтап өтө оор абалда
Республика боюнча стационарларда 1 765 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка караганда, стационарларда дарыланып жаткан 33 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1137 бейтап орто оор абалда, 496 оор, 99у өтө оор абалда. Ошондой эле амбулатордук дарыланууда 2016 бейтап бар. Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталып, жалпы ооругандардын саны 107 714кө жетти. Бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 101 033кө жетти. Ошондой эле сутка ичинде…
Прочитайте большеРоссияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
13-июнда Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Мелдеш «Русский мир» аталыштагы Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Чыңгыз Айтматовдун кубогу жана уюштуруу комитетинин сыйлыктары, ал эми катышуучулар эстеликке сувенирлер менен сыйланышат. Мелдештин негизги максаттары: кыргыз-россиялык алаканы бекемдөө; Россия күнүн жана Александр Невскийдин туулган күнүн белгилөө; жазуучу, Советтер Союзунун социалисттик эмгектин баатыры Чыңгыз Айтматовдун…
Прочитайте большеКыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын аталары жок
Статистика боюнча Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын төрттөн бир бөлүгү расмий никеге катталбаган үй-бүлөлөрдүн балдары болсо, 49% балдардын энелери тараптан гана катталууга арыз берилген. Бул көрсөткүч төрөлгөн балдардын 49%ынын аталары жок дегенди туюндурат. Мындан тышкары акыркы 5 жылда үйлөнүү 10%га чейин кыскарып, ажырашуу 19%га жогорулаган. Ал эми ажырашуу боюнча өлкөнүн региондорунда Бишкек алдыңкы орунда турары бегилүү. Белгилей кетсек, ажырашуулар да, балдарын жалгыз баккан ата-энелер да 90-жылдардагы үй-бүлөлүк зомбулукка жол берген үй-бүлөлөрдүн балдары. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дагы деле өсүүдө,…
Прочитайте большеСадыр Жапаровдун Түркияга качан барары белгилүү болду
Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. “Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат”, – деп айтылат маалыматта. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн…
Прочитайте большеПакистанда эки поезд кагылышып, ондогон адамдар каза тапты
Пакистанда жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 36 жүргүнчү каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.Окуя бүгүн, дүйшөмбү күнү эртең менен Пакистандын Синд провинциясында болгон. Провинциянын Готки шаарынын комиссарынын орун басары Усман Абдулла эки поезддин кагылышуусынун натыйжасында болжол менен 14 вагон оодарылып кеткен, ал эми сегиз вагон толугу менен талкаланганын билдирди. Пакистандын маалымат каражаттары курман болгондордун көпчүлүгү Карачиден Пенджабга жана Равалпиндиден Карачиге бара жаткан жүргүнчүлөр болгонун кабарлашты. Пакистандын түштүгүндөгү ооруканалардагы…
Прочитайте больше