Индия штаммын дагы коронавирус Ирандын 92 шаарында табылды

Ирандын Салматтыкты Сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун 5-толкуну башталганын билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы вакциналар кеңири алынып келип, улуттук вакциналар да чыгарылып, масштабдуу эмдөөлөр башталганына карабастан, коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммдары пайда болууда.
Учурда коронавиурстун “Индия штаммы” Ирандын 92 шаарында табылган. Ошону менен бирге, 80 миллиондук калктуу өлкөдө күнүнө 8 миңден 10 миңге чейин коронавирустук жаңы учурлар катталса, 90-100гө чукул бейтаптар көз жумууда. Падемия башталгандан бери жалпы ооругандардын саны 3 миллиондон ашып, 100 миңге жакыны дүйнө салса, 1 миллионго чукулу айыгып чыккан.
Саламаттыкты Сактоо министрлиги бул жаман оору качан токтоору белгисиз экенин ачыктаган. Буга кошумча жаңы мутацияланган коронавирустун жаңы штаммдары, анын ичинде “индиялык Дельта штаммы” учурда дүйнөнүн 92 өлкөсундө катталган. Иран Ислам Республикасы коронавирустун коркунучтуу жаңы штаммдардын жайылуусун алдын алуу максатында айрым чегараларын, айрыкча Пакистан менен кирип-чыгууну жаап, 11 өлкөгө сапарга тыюу салган.

Комментарий жиберүү