Түркмөнстандын калкы 2,7млн. адамга чейин азайган

Түркмөнстандын президенттери Сапармурат Ниязов менен Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда калк 1980-жылдардын деңгээлине түшкөнү белгиленди.

Бул жолу жергиликтүү эл каттоонун кызматкерлери деле мындай көрсөткүчтөрдү күткөн эмес.
Анткен менен жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык,
Түркмөнстандын калкы азайып, өлкөдө 2,7-2,8 млн. адам жашаары аныкталды.
Булактардын биринин айтымында, бөлүмдөр Түркмөнстан Президентинин администрациясына отчет берүү үчүн калкты каттоо боюнча алдын-ала маалыматтарды чогултушкан.
«Калкты эсептөөдө колдонулган ыкмалар ар башкача болгон, негизинен –   үймө-үй кыдыруу, бирок башка түз жана кыйыр маалыматтар дагы колдонулган. Мисалга, армияга чакырылгандардын саны, мектеп бүтүрүүчүлөрү, университеттин студенттери, бала бакчанын балдары, туткундардын саны, алынган маалыматтар келүү жана кетүү боюнча миграциялык кызмат, ЗАГСтардан туулгандыгы жана каза болгондугу жөнүндө маалыматтар жана башка маалыматтар жыйналган. Бардык эсептөөлөр боюнча, ушул жылдын башында Түркмөнстандын калкы болжол менен 2 млн. 700 миң адамды түзгөн”,- деп айтылат Түркмөнстандын жергиликтүү ЖМКсында.
Эске салсак,Түркмөнстанда акыркы жолу эл каттоо 2012-жылдын декабрында өткөрүлгөн, бирок ал боюнча маалыматтар эч качан жарыяланган эмес.
Дүйнөлүк банктын расмий маалыматка таянган статистикасына ылайык, 2018-жылы калктын саны 5,8 млн. адамды түзгөн. Өкмөттүн расмий долбоору 2020-жылы калктын санын 6,2 миллион деп эсептеген.  Калктын кыскаруусу өлкө кескин депопуляцияны баштан кечирип жаткандыгын, бул бийлик үчүн да күтүүсүз болгонун билдиришти.
Ошондой эле, 2008-жылдан 2018-жылга чейин гана 1,8 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кеткен.
Калк Түркияга, Россияга, Украинага, ал тургай Өзбекстанга кетип жатат. Ошол эле учурда, бийлик өлкөдөн чыгууну татаалдаштырууга аракет кылууда. Мисалы, 2018-жылы бийлик 40 жашка чейинки жарандардын өлкөдөн чыгып кетишин токтоткон.
Сапармурат Ниязов менен Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда өлкө калкынын санын 1980-жылдардын деңгээлине түшүрдү – деп айтылат булактарда.

Комментарий жиберүү