UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

3-август күнү UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
UFC чемпионатын уюштурган уюм Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда аралаш мушташ (ММА) боюнча “Eagle Fighting Championship” лигасын өткөрөт.
Уюмдун маалыматы боюнча, Eagle FC Кыргызстанда биринчи жолу өтөт.
Лигада Руслан Яманбаевдин атаандашы Бусурманкул Абдибаит уулу менен чемпиондук наамын коргоосу негизги күрөш болот.
Нурмагомедов буга чейин Кыргызстанга 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Мушкер Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин, кыргыз эли менен дагестан элинин окшоштугу – мырзалардын балбандыгында экендигин билдирген жана өзүнүн кыргыз жеринде ушунчалык атактуу экенине таң калганын айткан.

Комментарий жиберүү