Индияда жасалма вакцина менен миңдеген адамдарды эмдешкен

Индия полициясы коронавируска каршы вакцинанын ордуна туз ээритмеси, антитело же антибиотик сайган 10 жеке вакцинация борборун жаап, борборлордун кызматкерлерин камакка алышкан.

Белгилей кетсек, эмдөөдөн өткөн бир нече миң адам эми жаңы коронавирустун толкунуна туш болушууда.
Ал эми, Мумбайдын жергиликтүү өкмөтү өткөн аптада Шивам ооруканасын тосуп, лицензиясын кайтарып алды. Бул иш-чаранын себеби, аталган медициналык борбордо жасалма вакциналардын кеңири түрлөрү болгон.
Учурда полиция оорукананын жасалма коронавирус вакциналарын чыгарган-өндүрбөгөнүн иликтөөдө жана бул оорукананын ээлери камакта.
Эске салсак, ушул жылдын башында дарылоо борбору жеке эмдөө борбору катары киргизилип, коронавируска каршы адамдарды эмдөө үчүн өкмөттүн макулдугун алган. Ооруканага мурдараак Мумбайдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 20 миңден ашуун бөтөлкө вакцина келип түшкөн. Бирок полиция вакцина куюлган бөтөлкөлөрдүн айрымдары алдамчылардын колуна түшүп калган деп эсептейт жана полиция оорукананын бош вакциналарга туздуу суу куюп койгон болушу мүмкүн деп божомолдоодо.
Индия полициясы жасалма вакциналар менен камсыздоо жолу менен он миңдеген доллар иштеп табышкан деп айыпталып жаткан алдамчылык боюнча кеминде 10 эмдөө борборун суракка алганы кабарланууда.
Индия полициясы тапкан жасалма вакциналарда Astrazeneka вакцинасынын белгиси бар, бирок туздуу суу же антибиотиктерге толтурулганы аныкталган.

Комментарий жиберүү