Космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Орусиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды.

“Сүрөттө эн белгилүү жана кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанысанар керек”, – деп жазды космонавт.

Белгилей кетсек, Олег Артемьев буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн жана видеолорун бир нече жолу жүктөгөн.

Комментарий жиберүү