Түрк ЖМКсы: Орхан Инанды ФЕТОнун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун алууга мыйзамсыз жардам берген

Түркиянын Haber Turk басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, кармалган Орхан Инанды ФЕТО уюмунун Түркиядан качып келген 25 мүчөсүнө кыргыз жарандарынын паспортун алуу үчүн мыйзамсыз жардам көрсөткөндүгүн билдирди.

Берилген маалыматтарга караштуу, Орхан Инанды ушул жылдын март айында АКШнын Пенсильвания штатындагы FETOнун штаб-квартирасына барып, ал жерде уюмдун лидерлери менен жолугушкан.
Ага мурдараак Түркиядан качып кеткен 25 ФЕТОнун мүчөлөрүнө башпаанек берүү милдети жүктөлгөн деп айтылууда.
 Эске салсак, “Сапат” түрк лицейлеринин президенти жана Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп кеткен.
Ушул убакка чейин Инанданын жакындары уурдоону Түркиянын атайын кызматы уюштурган жана ал Түркия элчилигинин аймагында кармалып турган деп божомолдошкон.
Түрк бийлиги аны тыюу салынган ФЕТО уюмунун ишине катышкан деп айыптаган.
Бул абал “Сапат” мектеп тармагынын ишине кандай таасир этери азырынча белгисиз.
Чет элдик атайын кызматтар тарабынан Кыргызстандын жаранын уурдап кетиши бийликтин сынын күчөттү. Түркиянын президенти Эрдоган, Орхан Инанды Түркияга алып келинди деген жарыясынан соң, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк тарапка нота тапшырды. Жарыядан соң, Орхан Инандынын аялы күйөөсү Кыргызстанда экенин ишендирген кыргыз бийлигинен көңүлү калганын билдирди.
Садыр Жапаров буга чейин Орхан Инандынын иши боюнча комментарий берип, анын кайтарылышын талап кылаарын айткан.

Комментарий жиберүү