Ооганстан өкмөтү: Кабул Талибандын катышуусу менен өкмөттү түзүүгө аргасыз

Ооганстандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухеб, өкмөт Талибан менен коалициялык өкмөт түзүүгө бел байлаганын билдирди.

Ал кошумчалагандай, ооган эли талиптердин өкмөткө киришине каршы эмес, бирок топтун башкаруусуна каршы болушуп, аргасыздан колуна курал алып, талиптерге каршы күрөшкөн.
 “Ооганстандыктар талиптер бүт өлкөнү башкарып, ооган эли кандайча жашаш керектигин буйрук кылышын каалашпайт”,- деди Хамдулла Мухиб.
Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жакында өлкөдөгү жаңжалдын курчушуна токтолуп, Талибан согушу легитимдүү эмес жана бул топ бийликке жетүүгө аракет кылып жатат деп билдирди.
Мухеб ошондой эле буга чейин телеканалдын биринде Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай калса, өкмөт бардык сценарийлерге даяр болоорун, бирок тынчтык үчүн сүйлөшүүлөр жолу өкмөт үчүн артыкчылыктуу маселе экенин жана бул үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айткан.

Комментарий жиберүү