АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

Америкалык тарыхчылар Дональд Трампты, айрыкча анын адеп-ахлактык сапаттары жана административдик жөндөмдөрү үчүн өлкөнүн эң начар президенттеринин бири деп аташты.

Белгилей кетсек, бул изилдөөнү АКШнын C-SPAN каналы жүргүзгөн.
 Бул боюнча 2000-жылдан бери төртүнчү жолу басылма түзгөн рейтингдин үстүнөн АКШнын  142 эксперт-тарыхчылары иштеди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Трамп рейтингдеги 44 катышуучунун арасынан 41-орунду ээледи.
Ал эми, АКШнын алдыңкы үч президенттин катарына Авраам ЛинкольнДжордж Вашингтон жана Франклин Рузвельт кирди.
Ошондой эле, Джон Кеннеди сегизинчи орунду ээледи, андан кийин республикачылардын президенти Рональд Рейган жана алдыңкы ондукка 44-президент Барак Обама кирди.
Демократ Билл Клинтон 19-орунда, Буш улуусу 21-орунда, Президент Жордж Буш 29-орунда жана республикачы Ричард Никсон 31-орунга чыкты.
Рейтингдеги акыркы орун он позициядагы, анын ичинде моралдык сапаттарды, лидерлик жана административдик жөндөмдөрдү жана тышкы саясат чеберчилигин баалоонун жыйынтыгы боюнча упайлардын жыйынтыгы менен аныкталды.
 Адистердин айтымында, Трамп 312 упай топтогон, ал эми Обама – 664 упай алган.
АКШнын 45-президенти болгон Трамп, кандайдыр бир деңгээлде ынандыруу боюнча 32-орунду ээлесе, экономика жаатында 34-орунду ээлеген, бирок “адеп-ахлак” жана “административдик жөнөмдүүлүк” боюнча акыркы орунда калган.

Комментарий жиберүү