Талибан Борбор Азияга кире баштадыбы?

Талибан Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш провинциясын да басып алды.

Белгилей кетсек, талип согушкерлери расмий бийлик көзөмөлдөгөн провинцияларга каршы чабуулун жигердүү улантууда.
Учурда Талибан кыймылы  Акин кургак порт жайгашкан Түркмөнстан менен чектешкен Андхой провинциясын басып алышты.
Порт өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө кала бергени менен бир жума мурун жабылган.
 Бир жума иштебей токтоп турган мезгилде азык-түлүктүн баасы эки эсеге көтөрүлүп, эки тараптагы аймактын тургундары ачкачылыктын башталышынан чочулап жатканы маалымдалды.
«Порт жабылып, азык-түлүктүн импорту токтоп калды. Туура тамак жей албай, оор абалда калдык», – дешти жергиликтүү тургундар.
” Учурда Талибан Фарябдын 14 районунун 13үн көзөмөлдөп турат”, – деп жазат Түркмөнстан ЖМКсы.
“Азырынча талиптер коңшу мамлекеттерге кол салууга кызыкдар эмес, бирок чек ара аймактарын басып алууга жана көзөмөл-өткөрүү пункттарын жана ошого жараша логистикалык жолдорду көзөмөлгө алууга аракет кылып жатышат”, – деп жазат Chronicle Turkmenistan.
Ал эми ушул эле жагдайда коңшу Тажикстандын да абалы канаатандыраарлык эмес. Ооганстандын өкмөттүк аскерлери Талибан согушкерлеринен күндөн күнгө артка чегинишип,Тажикстанга  баш калкалашууда.
Бул ортодо убакыттан эрте өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткен АКШ, эми  Борбор Азия өлкөлөрүнөн ооган аскерлерин убактылуу өз аймактарында башпаанек берүүсүн суранды.
Азыркы маалда качкын аскерлердин көбү Тажикстанда баш калакалашууда. Кырдаалга караштуу бүгүн Орусия президенти менен Тажикстандын президенти телефон аркылуу кеңешишти.
Анда эки лидер тажик-афган чек арасын коргоону күчөтүү, ошондой эле бул маселе боюнча Тажикстандын чек ара күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам жана жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Баарлашуунун жүрүшүндө тажик-россиялык стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүү боюнча максаттуу иш алып барууга өз ара даярдык билдирилди.
Ал эми Баткен чегаралык окуясын этибарга албаган Рахмон, учурда өз өлкөсүнүн чегералык абалы өтө курч экенин түшүнгөндөй. Ал өзүнүн Коргоо министрине Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы чек араны бекемдөө үчүн 20 миң аскер топтоону тапшырды.
Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы региондордогу саясий кырдаалдын курчушун эске алып, мамлекет башчысы республиканын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө, күч структураларынын башчыларына, укук коргоо органдарына коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чукул чараларды көрүүнү табыштап, абал өзгөчө кырдаалда экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле чек араны чыңдоо менен катар мамлекеттик чек арадагы укук бузуулардын алдын алууга, анын ичинде трансулуттук кылмыштуулуктун, терроризмдин, экстремизмдин жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ал эми,  Иран, Түркия жана Пакистан кырдаалга карата Ооганстандын түндүк аймактарындагы консулдук ишмердүүлүгүн убактылуу жабышканын жарыялашты.
 Аны менен бирге Ооганстан өкмөтү Борбор Азия менен чектеш түндүк аймактарында абал өтө курч жана тынчсыздандыраарлык экенин жарыялашкан.

Комментарий жиберүү