Дагы 300 оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти

Ооганстандын 300 аскери Кабулдан 70 км. түндүктө Талибанга каршы күрөшүүдө жеңилип, Тажикстанга качып кирди.

Бул боюнча Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын айрым чек ара аймактарындагы кырдаалды “курч”деп мүнөздөөдө.
Эске салсак, 3-июлда саат 18:30 чамасында Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Хохон районундагы Овез айылы, Шахрибузург району жана Рогистон районундагы Зираки айылы толугу менен талиптердин көзөмөлүнө алынган.
 Алар ошондой эле Хохон округундагы Овез чек ара командачылыгын басып алышкан.
Ал эми согуштан артка чегинүү учурунда 300гө жакын чек арачылар Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан өткөн.
Тажик жоокерлери ооган армиясынын киришине тоскоол болгон жок. Учурда Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын айрым чек ара аймактарындагы кырдаалды курчуп кеткен деп мүнөздөөдө.

Комментарий жиберүү