Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу Ирандын Кызыл жарым ай куткаруу уюму билдирди.Ирандын маалымат каражаттарынын жарыялаган маалыматтарына ылайык, 2-июнда Ирандын борбору Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан. Курмандыктар жана канча аянтты өрт каптаганы жана анын келип чыгуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.Окуя болгон жерде ири көлөмдөгү от жана коюу түтүн асманга көтөрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүргүчтөр тартылган.
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Пакистан Тажикстанга өз өндүрүшүнөн чыккан курал-жарак жеткирет
Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда эки өлкөнүн коргонуу жана куралдануу тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулады. Тажикстан башчысы эки күндүк сапары менен Пакистанга барган. Жолугушуунун жыйынтыгында Имран Хан журналисттерге: “Коргонуу тармагында кызматташууну өнүктүрүү биз үчүн өтө маанилүү”, – деди. “Озодиге” тажик өкмөтүнүн делегация курамындагы өз булагы билдиргендей, Эмомали Рахмон менен Имран Хан Исламабадда жеке жолугушуу өткөргөн. “Жолугушуу жабык эшик артында болду, балким алар бул маселелерди талкуулашты, бирок коргонуу тармагында кызматташуу…
Прочитайте большеБердибек Жамгырчиев: «Бири-биринин канын соргон кайран кыргыз!». Таксисттер абалдан пайдаланып жатабы?
Акын Бердибек Жамгырчиев таксисттерге нааразычылыгын билдирип, Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасына пост жарыялады. Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин көбү каттамга чыккан эмес. Ошого байланыштуу такси кызматы жол кире акысын дароо жогорулаткан. Бул тууралуу маалыматты жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. “Такси буюртма берүү мүмкүн эмес. Шлагбаумдан ЦУМга чейин 400 сомдон алышууда. Ошентип, 150 сом менен араң жеттим. Бул деген өтө көпкөндүк”,- деп билдирген жүргүнчүлөрдүн бири. Акын Бердибек Жамгырчиев бул боюнча өз оюн инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына…
Прочитайте большеОрхан Инандыны УКТ уурдадыбы?
УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топ уурдашы мүмкүндүгүн 2 жыл мурда эскерткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет – “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы башчысы Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурдаган болушу мүмкүндүгүн билдирет. Себеби УКМК Орханга 2 жыл алдын бул боюнча эскертүү берген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. «УКМК КР жараны Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кун алуу максатында О.Инандыны уурдап кетүү ниети жөнүндө алынган маалыматка…
Прочитайте большеӨлүмгө алып келүүчү мукормикоз оорусу Иракка жетти
Ирактын түштүгүндөгү Ди-Кар провинциясында мукормикоз – грибок инфекциясынан улам кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу “Rudaw” телеканалы жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Аммар аль-Замилиге шилтеме берип маалымдады. Маалыматка караганда, өлкөдө грибок инфекциясын жуктуруунун жалпы төрт учуру катталган. “Насирия шаарында мукормикозду жуктуруп алган төрт учур жана эки өлүм катталды. Эки учур тең коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен байланыштуу”, – деп билдирген Аль-Замили. Мукормикоз – грибок инфекциясынан улам пайда болгон кошумча оору. Оору айлана-чөйрөдөгү грибок споралары менен…
Прочитайте большеБүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жол кирени көтөрүү маселеси каралат
Бишкек мэриясы тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук тармак боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.Маалыматка ылайык, бүгүн, шаршемби күнү Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кенешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Руслан Акылбеков муниципалитет учурда ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет жасап жатканын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен борбор калаанын коомдук транспортунун…
Прочитайте большеБишкектеги №1 ашканасында 22 киши бризоль тамагына жапырт ууланды
Бишкекте, Москва көчөсүндө жайгашкан №1 ашканасында адамдар тамакка жапырт ууланып, 22 киши ооруканага жаткырылды. Окуя 25-26-май күндөрү болгонун АКИpress агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. “Уулангандар ар кандай топтогу адамдар. Алар ашканада 25-26-май күндөрү болушкан. Бишкек шаарынын ооруканасына 13 адам, Токмоктогу ооруканага 9 адам жаткырылды. Бейтаптардын баары бул ашканадан “Бризоль” тамагын жешкенин айтышууда. Ашканага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле тергөө иштери учурунда ашкана убактылуу жабылды”, – деп билдиришти борбордон.
Прочитайте большеЗулкарнайн алейхиссалам
Пайгамбар же олуя болгон. Курани каримде баяндалып, чыгышка жана батышка чыккан сапарлары жайлуу айтылган. Асыл ысымы – Искендер. Чыгышка жана батышка баргандыгы үчүн Искендер Зулкарнайн деп эскерилген. Нух алейхиссаламдын уулу Яфастын урпагынан. Пайгамбар болгондугу же болбогондугу билдириген эмес. Йеменде жашаган Мунзир Искендер менен Аристотельдин шакирти болгон Македониялык Искендерден мурда жашаган. Салих бир зат болгон Зулкарнайн алейхиссаламды Аллаху таала жер жүзүндөгү адамдарга буйрук жана тыюуларын билдирүү үчүн милдеттендирди. Зулкарнайн алейхиссалам Аллаху таалага нияз кылып, өзүнө күч-кубат…
Прочитайте большеИрандын Азербайжан менен Армениянын мамилесинде ролу чоң
Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Иран ТИМнин Бакуга жасаган иш сапары тууралуу эмне деди? Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Мохсен Пакайин: Эки тараптуу мамилелер жана эң маанилүү аймактык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча консультация жана пикир алмашуу Иран ТИМнин Бакуга сапарынын негизги максаты деп жарыяланды. Иран ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зарифтин Ирандын Кавказдагы эки коңшу өлкөсүнө сапары төмөнкү өңүттөр менен каралышы мүмкүн: Армения менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы согуштан бери бир нече ай өтүп, акыры Москвадагы ок атышууну токтотуу чечимине алып…
Прочитайте большеУКМК Өмүрбек Бабановду кармады
“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип…
Прочитайте большеТүркмөнстанда тамекини таштоону каалагандар үчүн ишеним телефону иштей баштады
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Түркмөнстандын аймагында тамекини таштоонун ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу Инстаграмда ДСУнун басма сөз кызматы жарыялады.Белгилей кетсек, “ишеним телефону” никотинге көз карандылыкты жоюу максатында кеңеш берүү кызматтары борбору тарабынан иштейт. Тамекиге жана башка никотиндүү чылымдардан жабыркаган бейтаптар эми 118 номуруна чалуу менен саламаттыкты сактоо адистеринен кеңеш ала алышат. Адистерге наркологдор, терапевттер, психологдор кирет. Сүйлөшүүнүн башталышында бир гана нерсе көрсөтүлүшү керек, ал тиешелүү жарандын тамеки тартып баштаган жашы жана мөөнөтү. ДССУнун…
Прочитайте большеБританияда COVID-19дун лабораторияда жасалгандыгы жөнүндө далилдер табылды
Британиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирустун жасалма жол менен келип чыккандыгы жөнүндө далилдери бар экендигин билдиришти. Бул тууралуу Daily Mail жазды. Адистердин айтымында, кытайлык окумуштуулары SARS-CoV-2ни Ухань лабораториясында иштеп чыгышкан. Андан кийин алар бардык далилдер вирус табигый түрдө пайда болгонун көрсөтө тургандай кылып “из жашырууга” аракет жасашкан, деп айтылат изилдөөдө. Далглиш менен Соренсен 2002-2019-жылдар аралыгында Ухань шаарында окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн эксперименттерге анализ жасашып, кытай окумуштуулары, анын ичинде америкалык университеттер менен биргеликте…
Прочитайте большеТажикстанда чегиртке каптаган аянт 87 миң гектарга жетти (видео)
Тажикстандын Айыл чарба министрлигине караштуу «Чегирткеге каршы күрөшүү боюнча экспедиция» мекемесинин адистери быйыл өлкө боюнча чегиртке каптаган жерлердин жалпы аянты 115 миң гектарга жетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Алардын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 13 миң гектарга көп болот. «Азыр айыл чарба жерлерине дары чачылып жатат. Чегирткеге каршы күрөшүүгө ондогон техника, аэрозоль станоктору жана башка каражаттар тартылды», — деди мекеме жетекчисинин орун басары Ахмаджон Муминжонов. 25-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон чегиртке көп каптап жаткан Хатлон облусундагы Пянж…
Прочитайте большеБардык жамандыктардын дарысы
* Намаздарды кечиктирбестен окуу керек. Туура окулган намаз бардык жамандыктардын дарысы болот. * Намазын окуп, динине ылайык кийинген аял чоң жакшылык. * Намаз окуу Аллаху тааладан корккон момундарга гана жеңил болот. * Намаздар маалында окулбай, Аллаху тааланын буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунулбай турган болсо Аллах төрт кыйынчылык берет: 1- Ырыскылар тараят, 2- Оорулар көбөйөт, 3- Коопсуздук болбойт, 4- Мээримдүүлүк кетет. * Балаңызга намаздын маанисин түшүндүргүлө жана сөзсүз намазын окуткула. Намаз окуусуна тоскоол болгон…
Прочитайте большеИйгилик Аллахтан
Суроо: Бир киши Худ сүрөсүнүн 88-чи аятындагы “Ийгилик бир гана Аллахтан” деген сөздөн ийгиликти Аллаху таала бере турганын, ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмес деп айтты. Ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмеспи? Жооп Аят жана хадистерден мындай өкүм чыгаруу абдан жаңылыш болот. Жакшыны дагы, жаманды дагы Аллах жаратат. Кул жакшыны же жаманды каалайт, Аллаху таала да кааласа кул ирада-и жузиййасы менен аны кылат. Аллах уруксат бербесе кул жакшыны да, жаманды да кыла албайт. Ошондуктан,…
Прочитайте больше