Мирзиёев менен Рахмон Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери кечээ, 23-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Бул тууралуу тажик президентинин маалымат кызматы билдирди.
 “Лидерлер аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, коңшулаштыкты чыңдоо максатында тыгыз диалогду жана аракеттерди координациялоону улантуу зарылдыгын баса белгилешти”, – деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга жана анын курчуп кетишинин кооптуу тенденцияларына өзгөчө көңүл бурушту.
Эске салсак, 21-июнда Талибан Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Шерхон-Бандар” өткөрүү пунктун басып алып, 134 ооган аскери коңшу мамлекеттин аймагына чегинген.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөлөр ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалды чыңалган деп баалоодо.

Комментарий жиберүү