Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстанда аскердик машыгуулар башталды

Өзбекстанда аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча пландалган машыгуулар башталды.

Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Тактикалык машыгуулардын жүрүшүндө өздүк курамдын иш-аракеттери, берилген багытта коргоону күчөтүү мүмкүнчүлүгү жана күжүрмөн даярдыктын жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышы текшерилет.

Аскердик машыгуулар Ооганстандагы абалдын курчушуна байланыштуу өтүп жатат.

Бүгүн, 25-июнда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 23-июнда Ооганстандын 53 чек ара кызматкери жана жергиликтүү куралчан ополчениенин аскерлери Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин маалымдады.

Эске салсак, 22-июнда Талибан кыймылынын согушкерлери Тажикстан менен чек ара өткөөлүн басып алганы, жоочулар менен салгылышкан 100дөн ашуун ооган өкмөтүнүн аскерлери тажик аймагына чегингени маалымдалган.

Согушкерлер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн – Кундуз провинциясынын борборунан 50 чакырымдай жердеги Шир Хан Бандар шаарчасын ээлеп алышкан.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөлөр ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалды чыңалган деп баалоодо.

Буга байланыштуу 23-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ШКУнун Коопсуздук Кеңешинин катчылары менен Ооганстандагы кооптуу кырдаалды талкуулаган.

Жолугушууга Коопсуздук Кеңештеринин катчылары Николай Патрушев (Россия), Асет Исекешев (Казакстан), Марат Иманкулов (Кыргызстан), Бобур Усманов (Өзбекстан), Насрулло Махмудзода (Тажикстан), ошондой эле Индиянын премьер-министринин Улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Довал Аджит жана Ирандын Улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Юсуф Моид, ошондой эле ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруучу комитетинин директору Жумахон Гиесов да катышышкан.

Комментарий жиберүү