Wall Street Journal: АКШнын акерлери чыгып кеткенден кийин Афганистандын өкмөтү кулашы мүмкүн

АКШнын чалгындоо агенттиги өэ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин өлкөнүн өкмөтү алты айдын ичинде кулашы мүмкүн деп билдирди.

Бул туралуу Wall Street Journal  гезити жазды.
АКШнын чалгындоо кызматы өткөн аптада Афганистандагы абалга атайын баа берип, Талибандын өлкөнүн түндүгүнө жылышына байланыштуу мурунку божомолун оңдогон.
АКШ армиясы Афганистандагы 3500 аскеринин жарымынан көбүн жана айрым аскердик жабдууларын чыгарып кетти жана бул иш 11-сентябрга чейин аяктай турганын билдирди.
Wall Street Journal гезитинин маалыматына ылайык, АКШнын чалгындоо адистери буга чейин Афганистандын президенти Ашраф Ганинин өкмөтү бул өлкөдөн Америка чыгып кеткенден кийин кеминде эки жыл иштейт деп ишенишкен. Бирок, АКШнын аткаминерлери Wall Street Journal гезитине америкалык чалгындоо аналитиктеринин жана аскер кызматкерлеринин акыркы көз карашы боюнча, Афганистандын өкмөтү жана анын борбору Кабул Америка аскерлерди чыгарып кеткенден кийин 6-12 айдын ичинде кулашы мүмкүн деп билдиришкен.
Батыштын айрым эксперттери бул өлкөдө өкмөттүн кулашы АКШнын чыгып кетишинен кийин үч айдын ичинде деле болуп кетиши мүмкүн деп эсептешет.
Маалыматка ылайык, АКШнын Ак үйү жетекчилиги талиптердин алга жылышын эске алуу менен АКШнын аскер күчтөрүнүн Ооганстандан чыгып кетишин басаңдатууга чакырган.
Пентагондун расмий өкүлдөрү аталган гезит жарыялаган маалымат боюнча комментарий бере элек.
Экерте кетсек, акыркы эки айда Талибандын Ооганстан күчтөрүнө кол салуулары күчөдү. Чабуулдар айрыкча АКШнын президенти Жо Байден аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгарып кетүүнү пландап жатканын айткандан кийин күчөдү.
22-июнда Афганистандын Кундуз провинциясындагы Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж району менен чектешкен Афганистандын Кундуз провинциясынын Имам Сахиб аймагын Талибан басып алганы маалымдалган.

Комментарий жиберүү