Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанга барат.

Бул тууралуу  Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Бул Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары болмокчу.

Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары маалымдалган жок.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу боюнча макулдашуу 30-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда жетишилген. Анда Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жакынкы ыңгайлуу учурда Тажикстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган.

Иш сапардын конкреттүү даталары дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылмак.

Баарлашуунун жүрүшүндө, өлкө башчылары чек ара аймактарындагы акыркы чыр-чатактуу окуялар тууралуу сүйлөшүшүп, кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан.

Учурда Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президентинин Тажикстанга болгон расмий иш сапарын чагылдыруу үчүн ЖМК өкүлдөрүн каттоону баштады.

Комментарий жиберүү