Жамал Хашоггини өлтүргөн саудиялыктар АКШда даярдыктан өтүшкөн

Саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөн Эр-Рияддын ыкчам кызматкерлери АКШнын Мамлекеттик департаменти бекиткен келишимдин негизинде АКШда даярдыктан өтүшкөн.

АКШ бийлиги жана инструкторлор ал адамдардын репрессиялардагы ролун билбесе керек, деп жазды The New York Times басылмасы.

The Washington Post гезитинин журналисти Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышкан Сауд Аравиянын төр жараны АКШнын Мамлекеттик департамент тарабынан бекитилген келишимдин негизинде АКШда атайын даярдыктан өтүшкөн.

Бул тууралуу 22-июнда The New York Times (NYT) басылмасы булактарга шилтеме берип жазды.

Басылманын маалыматына караганда, даярдыкты Cerberus Capital Management жеке инвестициялык компаниясына таандык Арканзас штатындагы Tier 1 Group күзөт агенттиги жүргүзгөн.

Күзөт агенттиги саудиялык ыкчам тобунун мүчөлөрүн окутуу коргонуу мүнөзүндө болгонун билдиришти.

Машыгуулар ыкчам кызматкерлерге падышалыктын лидерлерин жакшы кайтарууга мүмкүнчүлүк бермек.

Булактардын айтымында, саудиялык агенттер ок атуу ыкмаларын, кол салууларга жооп кайтаруу ыкмаларын, ошондой эле аңдып-издөө ыкмаларын үйрөнүшкөн.

Tier 1 Group саудиялыктарды 2014-жылы Барак Обаманын тушунда машыктыра баштаган жана 2017-жылдын аягына чейин машыктырууну уланткан.

The New York Times басылмасы саудиялык агенттерди даярдыктан өткөрүүнү жактырган АКШнын аткаминерлер ошондой эле  Tier 1 Group агенттиги Сауд Аравиядагы репрессияларга катышкан адамдарды окутуп жаткандыгын билгендигине эч кандай далил жок экендигин белгилейт.

Cerberus Capital Management  компаниясы саудиялыктарды окутуу Хашоггинин өлтүрүлүшү менен түздөн-түз байланыштуу эмес экендигин баса белгиледи.

Эске салсак, саудиялык журналист Жамал Хашогги сауд бийлигинин саясатын, айрыкча мураскер ханзаада Мухаммед бен Салманды ачык сындаган макалаларды жазган. Ал  2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Түркиянын аткаминерлери журналист консулдуктун имаратында өлтүрүлүп, денеси жиликтенгенин билдиришкен.

Түрк маалымат каражаттары журналисттин жоголушуна тиешеси бар деп шектелген Сауд Аравиянын 15 жаранынын ысымын жана сүрөттөрүн жарыялаган. Сауд Аравиянын 15 жараны Хашогги консулдукка киргенге чейин бир саат мурда ал имаратка кирип, Хашогги киргенден үч саат өткөндөн кийин кайра ал имараттан чыгып кетишкен.

Эр-Рияд алгач  журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок кайрадан 20-октябрда  журналисттин өлүмүн моюнга алып, ал консулдуктун имаратында мушташтан улам каза болгонун ырастаган. Бирок, Сауд Аравия Мухаммед бин Салмандын киши өлтүрүү аракетине тиешеси бар экендигин четке каккан.

Журналисттин өлтүрүлүшүнө айыпталгандар арасында саудиялык мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын эң жакын эки кеңешчиси бар.

Комментарий жиберүү