COVID-19дун “дельта” штаммы Өзбектанда да табылды

Индияда жайылып, кооптуу экени айтылып жаткан коронаирустун “дельта” штаммы коңшу өлкө Өзбектанда да табылды.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдашты.
Өзбекстандын алдынкы технологиялар борборунун жетекчисинин орун басары Алишер Абдуллаев эмдөө жай жүрүп, элдин санитардык эрежелерди жана карантиндик чараларды сактабагандыгы үчүн коронавирустун жаңы учурлары көбөйүп жатканын билдирди.
Бул өлкөдө коронаирус боюнча жалпы 107 миң 708 учур катталды.
Экерте кетсек, коронавирустун “индиялык штаммынын” угуунун начарлашы, диарея, ашказандын катуу бузулушу жана гангренага алып келүүчү тромбдун пайда болушу сыяктуу бир нече кооптуу белгилери байкалганы маалымдалган. Ошондой эле коронавирустун бул түрү тез жугары жана анын инкубациялык мөөнөтү кыскараак экени аныкталган.
Мутация Индия боюнча жайылып, акыркы апталарда миңдеген адамдардын өмүрүн алды.

Комментарий жиберүү