COVID-19дун индиялык штаммы Ухань вирусуна караганда эки эсе жугуштуу

Коронавирустун алгач Индияда чыккан штаммы учурда 85тен ашык өлкөгө жайылган «дельта» штаммы баштапкы SARS-CoV-2 вирусуна караганда эки эсе жугуштуу.

Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун илимий кызматкери Сумия Сваминатан Твиттердеги баракчасына жазды.
Анын айтымында, «дельта» штаммына чалдыккан адам экиден сегизге чейинки кишиге оору жугузат.
БУУнун өкүлү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү өтө маанилүү экенин баса белгилеп, “Бактыга жараша дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү таасирдүү болууда, жок дегенде оорунун оор өтүшүнүн алдын алат”, – деп жазган.
Ошондой эле, ал адамдарды коронавирусту жугузуп албоо үчүн беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого чакырды.
Өткөн 2020-жылдын октябрь айында Индиянын Нагпур шаарында табылган коронавирустун «дельта» штаммы дүйнө жүзүнө өтө тездик менен жайылда. Ал башка штаммдардай эле чыккан жеринин атын алып, индиялык деп аталып келген. Кийин ДССУнун чечими боюнча коронавирустун штаммдары грек тамгалары менен аталып калды.
Экерте кетек, коронавирустун “дельта” штаммынын угуунун начарлашы, диарея, ашказандын катуу бузулушу жана гангренага алып келүүчү тромдун пайда болушу сыяктуу кооптуу белгилери бар.

Комментарий жиберүү