“Ак Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюшулган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын демөөрчүсү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү болду. Онлайн кароо-сынак 2 багыт боюнча жүргүзүлдү: Мусулман айымдын кийими сиздин жашооңузда; Катышуучулар видео форматта 1-2 минуттук видео менен интернет желесине, өз баракчаларына жарыялоосу керек болгон. Бул сынак 1 ай мурун жарыяланып 20-февралга чейин созулуп, жыйынтык чыккан. Кароо-сынактын катышуучуларын сыйлоо аземи борбор калаадагы “Ыйман” мечитинде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай…
Прочитайте большеЭлдик
Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат
Иранда парламенттик (Межлис) шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоо менен кошо эле Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү (дин өкүлдөрүнөн турган парламенттеги орган) да шайланмакчы. Ирандын улуттук шайлоо штабынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары өлкө боюнча бардык провинцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин ачык болот. Добуш берүүгө өлкөнүн 87 миллион жаранынын 61 миллиондон ашыгы укуктуу. Быйыл Межлиске шайлоого 15 миңге жакын талапкерге, Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого 144…
Прочитайте больше“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду
Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларына нааразычылык көрсөтүп, Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу АКШнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын башчысы Энн Стефанек ырастаганын ТАСС агенттиги жазды. АКШнын аба күчтөрүнүн аскери нааразылык акциясын жекшемби күнү Израилдин Вашингтондогу элчилигинин кире беришинин алдында өткөргөн. Ал эмне болуп жатканын Twitch стриминг кызматы аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Ал АКШнын Аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы экенин билдирген. “Мен мындан ары геноцидге катышпайм”, – деген…
Прочитайте большеБишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 45 жылдыгы белгиленди. Ага ЖКнын депутаттары да катышты. Сүрөт
Кечээ, 9-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 45 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Иш-чарага Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Маданий өкүл Абузар Тогани, КР Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышты. 25 of 27-+ Быйыл Ислам революциясына 45 жыл толду. Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келип, 11-февралда…
Прочитайте большеБазарлар кайрадан мамлекеттин карамагына өтүш керекпи?
Эгер улуу муундагылардын эсинде болсо, улуу держава СССР кулар алдындагы 1990-жылдары өлкөдө завод, фабрикалар токтоп, анда күнүмдүк жашоосуна гана жете турган маяна алып иштеген жумушчулар көчөдө калышкан. Бирок адам баласынын тиричилиги токтоп турбайт да, кара курсакты багуу үчүн бирөө кийим-кечесин, дагы башкасы темир-тезек, тетиктерди көчөгө алып чыгып сатып, Бишкек шаарынын көчөлөрү бүтүндөй эле жайма базар болуп кеткен. Ал тургай катуу стреске кабылгандар ичип кеткендиктенби, аракка суроо-талап көбөйүп, анча-мынча жөндөмү барлар Кытайдан жарым литрлик желим бөтөлкөдөгү…
Прочитайте большеТурсунбай Бакир уулу: ХАМАС барымтадагыларды Израилге толук берип салса да жаңжал токтобойт
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуштун башталгандыгына төрт айдан ашып калды. Израиль армиясы алгачкы күндөрү эле согуштун эрежесин бузуп, коргонуу позициясынан чабуулга өттү. Бирок бул жаңжал басаңдамак тургай, кайра күч алууда. Биз Израиль-Палестина жаңжалын жакшы билген белгилүү коомдук ишмер, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Малайзиядагы мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу менен маектештик. – Саламатсызбы, Турсунбай мырза? Израиль менен Палестинанын ачык согушуна жакында 4 айдын жүзү болот. Бирок, Израиль коргонуу позициясынан өтүп, Газага…
Прочитайте больше“Дахе-е Фажр”: Ислам революциясынын негиздөөчүсү Хомейнинин мекенине кайтып келиши. Сүрөттөр
1-февралдан баштап Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгына арналган он күндүк майрамдар башталды. Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Бул учурда Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган. Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленет. Ал күнү Аятолла Хомейни «Air…
Прочитайте большеБелгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду
Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ал жашаган айылдын тургундары маалымдады. Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Бүтөө-Көл айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айдоочулук курстан окуп, беш жылга чукул керек-жарак коомунда кесиби менен эмгектенген. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы окууну аяктаган. 1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген….
Прочитайте большеРадикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?
Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында террордук акт жасоону пландап жаткан ар кандай топтордун жана ячейкалардын күч органдары (ар кайсы өлкөнүн) тарабынан аныкталгандыгы тууралуу материалдарды көп көрүүгө болот. Мындай учурлар Борбор Азияда да көп катталууда. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан өлкөнүн түштүгүндө “ИМ” террордук уюмуна ант берип, бир катар теракттарды уюштурууну көздөгөн өспүрүмдөр кармалды. Адамдарды бул топтордун катарына кошулууга эмне түртөт (себептер), кимдер азгыруучулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн жана андан кантип сактануу…
Прочитайте большеСогушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок
Израил Палестинанын Газа тилкесиндеги 100 күндүк согушта буга чейин айткан максаттарына жете алган жок, барымтадагылар бошотула элек, ал эми палестиндер дээрлик толугу менен оккупацияланган анклавдын түндүгүнөн кол салууларын да улантууда. Бул тууралуу жазуучу жана саясий серепчи Мхаймер Абу Саада 100 күндүк согуштун жыйынтыгы боюнча РИА Новости агенттигине берген комментарийинде билдирди. “Израиль Газа тилкесинде палестиналыктардын 4%га жакынын өлтүрүп, жарадар кылды, ошондой эле үйлөрдүн жана жарандык инфраструктураларынын 70%га жакынын талкалады. Бирок Израил аскердик күчтүн жардамы менен дагы деле ХАМАСты…
Прочитайте больше“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?
“Ислам мамлекети” террордук уюму, ХАМАС-Израил жана Россия менен Украинанын ортосундагы согуштар тууралуу саясый эксперт Медербек Корганбаев менен маек. – Медербек мырза, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сирия жана Ирактын аймактарынан сүрүлүп чыгарылып, 2019-жылы март айында “ИМ” тобу талкаланды деп жарыяланган. Бирок “ИМ” акыркы кезде “Талибан” бийликке келген Афганистанда кайрадан баш көтөрүп жандана башташынын себеби эмнеде? – “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик уюм бир кезде Батыштын чоң геосаясий куралы болгон деп айтсам жаңылышпаймын. Анткени 2014-жылдан тартып…
Прочитайте большеКыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө
Кыргызстан келечекте Түркия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп, анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирмекчи. Бул тууралуу 9-январда Жогорку Кеңетин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын кыргыз парламентинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду. Анын…
Прочитайте большеИрандын Жогорку лидери Кермандагы теракттын уюштуруучуларына катуу жооп кайтарыларын убадалады
Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Керман шаарындагы жүздөгөн кишинин өмүрүн алган террордук кол салуунун уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Өлкөнүн Ички иштер министринин акыркы маалыматы боюнча, көрүстөнгө жакын жерде болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны 84кө, жаракат алгандар 284кө жетти. Буга чейин иран ЖМКлары окуядан 103 киши каза таап, 211и жаракат алганын Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берүү менен маалымдашкан. Жардыруулар…
Прочитайте большеИрандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”
«Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү ар түрдүү катмардагы аялдардын тобу менен болгон жолугушуусунда билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды. Анын айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келерин айтты. Хаменеи Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деди….
Прочитайте большеТ. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды көзөмөлдөө керек”
Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасынан бир нече жолу көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген…
Прочитайте больше