Аскердик талдоочу Буча шаарынын тургундарынын өлүмүнө украин аскерлерин айыптады

Украинанын Буча шаарындагы карапайым адамдар украин аскерлеринин колунан өлгөнүн АКШнын аскердик талдоочусу, БУУнун Ирактагы курал-жарак боюнча мурдагы инспектору Скотт Риттер жар салды.

Бул тууралуу ал Украинадагы окуялар боюнча өткөн вебинарда билдирди.

Эксперт Бучада белгилүү бир убакыт болгон Орусиянын армиясынын жергиликтүү калк менен жакшы мамиледе болгондугу жөнүндөгү орус аскерлеринин билдирүүлөрүн келтирди.

Ал белгилегендей, орусиялык аскер кызматкерлери ал тургай жергиликтүү тургундар менен бартер (товар алмашуу) уюштуруп, өздөрүнүн кургак аызктарын тамак-ашка алмаштырышкан.

Ал ошондой эле Бучадан тартылган видеодон жерде жаткан сөөктөр орус аскерлери шаардан чыгып кеткенден бери жаткандай   көрүнбөй турганын, алардын каны катый электей көрүнүп турганын кошумчалады.

Эксперт Бучадагы адамдар 1-апрелде украин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн, эми дүйнө коомчулугу бул кылмышка Орусияны айыптоого аракет кылып жатат деген жыйынтыкка келди.  

3-апрелде Киев бийлиги жана чет элдик басылмалар орус аскерлери Украинанын  Буча шаарындагы карапайым адамдарды өлтүрдү деген маалымат тараткан. Таратылып жаткан 3-апрелде Киев бийлиги жана чет элдик басылмалар орус аскерлери украиналык Бучада карапайым адамдарды өлтүрдү деген маалымат тараткан.

Таратылып жаткан кадрлардан көчөдө ондогон адамдын сөөгү туш келди жатканын көрүүгө болот.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул кадрларды Киевдин провокациясы экенин айтып, аны “украин бийлигинин кезектеги кылмышы” деп атаган.

Дипломат бул окуяда Орусиянын күнөөсү жок экенине жетиштүү далилдер бар экенин айтып, шаар орус аскерлеринин көзөмөлүндө болгон мезгилде зордук-зомбулуктан бир дагы жаран жабыркабаганын кошумчалады.

Өз кезегинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Бучадагы кырдаалды иликтөө керектигин, бирок реалдуу, калыс жана көз карандысыз иликтөө керектигин белгилеген.

Комментарий жиберүү