Байден АКШда баалардын көтөрүлүшүнө Орусияны айыптады

Март айында АКШда баалардын кескин көтөрүлүшүнө Орусия күнөөлүү.

Мындай пикирди Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден билдирди.

“Биз инфляция боюнча бүгүнкү маалыматтарды көрдүк – март айында баанын 70% өсүшүнө Путиндин демилгеси менен бензиндин баасынын көтөрүлүшү себеп болду”, – деди АКШ президенти.

Ал ошондой эле Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы дүйнө жүзү боюнча газ жана азык-түлүктүн кымбатташына алып келгенин айтты.

АКШнын лидери кырдаалды өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын, баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган жарлыктарды чыгарганын кошумчалады.

АКШнын Эмгек департаментинин маалыматы боюнча, март айынын акырына карата керектөө бааларынын жылдык баасы 8,5 пайызга өскөн. Бул 1981-жылдын декабрынан берки эң жогорку өсүш болду.

Эскерте кетсек, 24-февралда Орусия Украинада атайын операция баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атады.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын бул аракетине каршы санкцияларды киргизүү менен жооп кайтарды. Алар негизинен банк секторуна жана жогорку технологиялар чөйрөсүнө басым жасашты. Ошондой эле Орусиянын энергия булактарынан баш тартууга байма-бай чакырыктарды жасап келишүүдө. Бирок, технологиялык чынжырлардын үзгүлтүккө учурашы Европада жана АКШда экономикалык көйгөйлөргө, биринчи кезекте азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына алып келди.

Комментарий жиберүү