Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Ооганстандагы кырдаал Ак үйдүн башчысын капалантууда, бирок ал республикадан аскерлерди  чыгаруу чечимине өкүнбөйт.

АКШнын Ооганстанда согушка даяр армияны түзүүгө багытталган чаралары ийгиликсиз болду.

Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Жо Байден телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусунда билдирди.

Байдендин айтымында, Америка ооган армиясын машыктырууга триллиондогон доллар жумшап,  курал-жарак берген. Бирок, Кошмо Штаттары армияга жеңишке болгон эрктүүлүктү бере алган жок. Армия кыйрады, бийлик багынып, качып кетишти.

Ак үйдүн башчысы америкалык аскерлерди Ооганстанга киргизүүнүн максаты АКШдагы террордук чабуулдарды алдын алуу экенин жана өлкө буга жетишкенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мамлекет башчысы америкалык аскерлерди республикадан чыгаруу чечимине өкүнбөрүн айтып, бирок азыркы абал аны капалантып жатканын билдирди.

“Ооганстандын саясий лидерлери өз элинин жыргалчылыгы үчүн бириге алышпады, өлкөнүн келечеги үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышкан жок. Гани мырза ооган аскерлери күрөшөт деп ишендирген, бирок, ал жаңылышканы анык”, – деди Байден.

Ал америкалык аскерлердин Ооганстанда мындан ары болушу чыр-чатактын күчөшүнө алып келип, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды талап кыларын баса белгиледи.

Америкалык аскерлер ооган күчтөрү жүргүзгүсү келбеген согушта өлбөшү керек, деп эсептейт Ак үйдүн башчысы.

Эгерде өлкө үчүн коркунучтар жаралса, Америка туруктуу катышуусуз да Ооганстанда жана бүткүл дүйнөдө терроризмге каршы операцияларды жүргүзөт, деди Байден.

“Менин чечимим сынга алынат, бирок бул чечимди башка президентке өткөрүп бергенден көрө мен үчүн жакшы”, – деди АКШнын президенти.

Ал ошондой эле АКШ ооган элине колдоо көрсөтүүнү, аймактык дипломатияны кубаттоону жана адам укуктарын коргоону улантат деп белгиледи.

Эске салсак, радикалдуу Талибан кыймылынын согушкерлери республикадан АКШ жана НАТОнун аскерлери чыгып жаткан учурда активдүү чабуулдарды баштап, Ооганстандагы бийликти басып алган.

Комментарий жиберүү