Байден Ооганстанга атайын топ жиберет

Ашраф Гани АКШнын президенти Ооганстанга атайын топ жиберерин жарыялады.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын президенти 29-январда АКШнын жаңы президентинин Кабулга атайын топ жиберүү чечимин жарыялады.
 “Ооганстандын президенти Жо Байден жакын арада ооган тынчтык процессин талкуулоо үчүн Кабулга атайын топ жиберет”,- деп Sputnik агенттиги Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин сөзүн келтирди. Белгилей кестек, акыркы эки күндө Талибан менен АКШнын ортосунда кандайдыр бир чыңалуу байкалды.
 Бир жагынан, Пентагон (АКШнын Коргоо министрлиги) Талибанды Доха тынчтык келишимин бузду деп айыптаса, экинчи жагынан, бул талапты четке кагуу менен, Талибан, Ооганстан өкмөтүн Доха келишимин аткарбай жатат деп күнөөлөйт.
Ал эми ушул аптада Талибандардын Москвага болгон сапарында, топту жетектеген Шер Мухаммад Аббас Станакзай, Талибандарга карата айрым айыптарды четке кагып, мындай деген: “Ооганстанда Талибандар АКШ аскерлерин сыйлык алуу үчүн өлтүрүп жатышат деген калп. Биз аларды 2001-жылдан бери эле эч кандай сыйлыксыз өлтүрүп жатабыз.”
Ал ошондой эле Талибандар эч убакта ИШИМ жана “Аль-Каида” террордук топтору менен кызматташпаганыны ынандырып, мындай деди:
«Биз жана америкалыктар менен кол койгон келишимге ылайык, Ооганстандын аймагында башка мамлекеттердин жана уюмдардын болушуна жол бербейбиз жана келишимге ылайык иш алып барабыз.”

Комментарий жиберүү