БУУ дүйнөнү Украинага жардам берүү үчүн 1,7 миллиард доллар чогултууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Украинанын калкына чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1,7 миллиард доллар бөлүүнү суранды.

Дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, жакынкы айларда Украинанын ичиндеги 12 миллионго жакын адам жана кошуна өлкөлөрдөгү 4 миллиондон ашык украиналык качкындар жардамга жана коргоого муктаж болушат.

Мындай маалыматты БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс дүйнө коомчулугун Украинанын карапайым жарандарынын өмүрүн коргоого аракет көрүп, боорукердик жана тилектештик көрсөтүүгө чакырды.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештин айтымында, чогулган каражат карапайым жарандарды туракжай, медициналык тейлөө жана ичүүчү суу менен камсыз кылууга жумшалат.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Женевада журналисттерге акыркы 24 саатта эле Украинадан дагы 150 миң кишинин чыгып кеткенин, жалпы качкындардын саны 677 миңге жеткенин билдирди.

Комментарий жиберүү