БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке катышуусун токтотуу боюнча резолюция кабыл алды.

Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Резолюцияга Сербия жана Израиль баш болуп 93 мамлекет “макул” деп добуш беришсе, 24 өлкө каршы болушту. Алар: Алжир, Беларусь Республикасы, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго Республикасы, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам жана Зимбабве. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган.

Документтин долбоору Батыш өлкөлөрүнүн тобу, анын ичинде АКШ, Украина жана Латвия тарабынан даярдалган.

Анын текстине ылайык, Башкы ассамблея “Украинадагы иш-аракеттерге” байланыштуу Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүн токтотуу чечимин чыгарат. Ошол эле учурда Башкы ассамблея “зарыл болсо маселени кайра карап чыга алат” деп жазылган.

Ал эми, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин Москва уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Ошондой эле, ал Орусия Башкы ассамблеянын резолюциясын мыйзамсыз жана саясий жүйө менен жасалган кадам деп эсептей турганын кошумчалады.

Комментарий жиберүү