Владимир Путин Бишкекке келет

 Россиянын президенти Владимир Путин ушул жумада Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) саммитине катышуу үчүн Бишкекке учуп келет.

Бул тууралуу “Россия 1” каналынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өзүнүн Telegram-каналына жазды.

Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл Кыргызстан интеграциялык бирикмеге төрагалык кылууда.

Бул Россия президентинин Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары болот.

Ал буга чейин акыркы жолу экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2019-жылы 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн келген.

Комментарий жиберүү