Германияда Россияга салынган санкциялар натыйжасыз болуп жаткандыгын айтышууда

Leuchtstoffwerk Breitungen ишканасынын жетекчиси Россияга салынган санкциялар максатсыз жана натыйжасыз деп атады.

Германиянын Leuchtstoffwerk Breitungen химиялык ишканасынын жетекчиси  Вольфганг Айзенберг  Frankfurter Allgemeine Zeitung газетасына курган маегинде көпчүлүк мамлекеттер кошулбагандыктан, Россияга салынган санкциялар натыйжасыз экендигин айтты.

Ал ошондой эле Россиянын газына киргизилген эмбарго да максатына жетпей тургандыгын жашырган жок. Себеби бул кадам да Украинадагы атайын аскердик операцияга таасир этпейт.

Себеби дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттер санкцияга катышкан жок. Ал тургай Индия мунайды дисконттук баада ала тургандыгына ыраазы болууда.

Айзенберг анын ишканасы Россиядан газ алуудан баш тарткан учурда электр жарыгысыз да каларын жана өндүрүштү үч эседен 50%га чейин кыскартууга мажбур болуп, продукциясын сатуу жана жумуш орундары кыскара тургандыгын айтты.

“Газ албай калган учурда биздин бүтүндөй бир өндүрүш тармактарыбыз кыйрап калуу коркунучуна туш болуп, анын кесепети экономикалык жана социалдык кризисти жаратат”.- деди  Айзенберг

Комментарий жиберүү