Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды

Европарламент Европа кеңешин Орусияга кошумча санкция салууга чакырды. Тиешелүү резолюция 7-апрелде кабыл алынды. Депутаттар Орусиядан газ, мунай, көмүр жана өзөктүк отун алууга эмбарго киргизүүнү жактайт.

Deutsche Welle жазгандай, бул документти Европа парламентинин 513 депутаты колдоп, 22си каршы добуш берди, 19у калыс калды.

Реолюцияда Украинанын “Буча жана башка шаарларында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн окккупациясы учурундагы зордуктоо, тынч тургундарды соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу, күчкө салып көчүрүү, мародерлук, жарандык инфраструктурага кол салуу, алдын ала макулдашылган гуманитардык коридорлордон чыгып бараткан карапайым кишилерге ок ачуу өңдүү мыкаачылык тууралуу маалыматтарга” байланыштуу “ кыжырдануу жана ачуулануу” камтылган.

Мындан тышкары Европарламенттин депутаттары орусиялык банктарды SWIFT системасынан чыгарууну жана орусиялык кемелердин шаркетке караштуу портторго кирүүсүнө тыюу салууну да колдошту.

Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнүн маалым болгондон кийин Европа Биримдиги Москвага каршы жаңы санкциялардын топтомун даярдап жатат. Орус армиясы 24-февралда Украинага басып киргенден бери Европадагы Германия сыяктуу айрым өлкөлөр Орусиядан мунай жана газ импорттоого чектөө коюудан карманып келет.ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Комментарий жиберүү