Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү 5 сааттан ашты

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусу көп убакытка созулду.

Бүгүн, 29-июнда, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун ортосундагы сүйлөшүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 10:20дө жабык эшик артында башталган. Андан кийин беш сааттан ашык убакыт өткөнүнө карабай, өлкө жетекчилеринин жолугушуусу соңуна чыккан эмес. Бул тууралуу “Спутника-Тажикстан” сайты жергиликтүү журналисттерге шилтеме берип жарыялады.

Анда айтылгандай, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу белгиленген убакыттан 3 саатка чейин ашып кеткен.

Регламентке ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 12ден кийин республикалардын министрлери менен кеңейтилген жолугушуу башталмак.

Журналисттердин айтымдарында, президенттер сүйлөшүүгө топографиялык карталар салынчу атайын тубустарды алып барышкан. Мындан улам эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүдөгү негизги темасы Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаал болушу ыктымалдуулугу айтылган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында 3 күнгө созулган куралдуу кагылыш болуп, андан 36 кыргызстандык курман болгон. Ал эми Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Комментарий жиберүү