Жаңы муфтий болуп Замир Ракиев шайланды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы – муфтий болуп  Замир Ракиев  шайланды.

26-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан мусумандарынын VII курултайында Замир Ракиевдин муфтийликке талапкерлиги колдоого алынды.
Ошондой эле, Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланып, анын төрагасы болуп Көчкөнбай Сайдуллаев шайланды.
Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды.
Экерте кетсек, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген.

Ракиев Замир Шейшенбекович тууралуу маалымат:

Туулган жылы: 15.02.1978 ж.
Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Шамшы айылы. Улуту: Кыргыз
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.

Билими:
1986-1995 Орто мектеп.
1995 – 1999 Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.
1999 – 2000 Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу ”
2000 – 2003 Аль Азхар Ислам институту.
2003 – 2007 Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери»

2008 – 2010 Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»
Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:

2007-2008 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 -2010 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.

2010 – 2011 Нарын облусунун казысы.

2011 -2016 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016- 2017 Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары.

2020-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын казысы.

Комментарий жиберүү